Америка Кошмо Штаттары Бишкектеги АКШнын элчилигинин жаңы имаратын ачууда

Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана элчи Шейла Гуолтни Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери менен бирге Кыргыз Республикасына берилгенибиздин жана узакка созулган достугубуздун  маанилүү символу катары Бишкектеги АКШнын элчилигинин жаңы имаратын ачышты.

Элчиликтин 163 миллион долларлык жаңы имараты Бишкектин Ленин районундагы төрт жарым гектар жеринде жайгашкан.  Имарат энергия сактоочу, сууну жана күндүзгү жарыкты сарамжал пайдалануу менен ресурстарды сактап калууга  жана имараттын колдонуу чыгымдарын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү жаңы технологияларды колдонуу менен курулган.  Бул долбоор экологиялык таза курулуш боюнча Америка Кеңешинин «Энергетикадагы жана жаратылышты коргоону долбоорлоодогу лидерлик» программасынын сертификатын алды жана ошондой эле анын Күмүш сертификатын алууга ниетенүүдө.

Имараттын дизайнын «Karn Charuhas Chapman & Twohey» (Вашингтон ш.) архитектуралык бюросу иштеп чыккан. Долбоордун архитектору «Sorg Architects» (Вашингтон ш.) болуп саналат, ал эми бул комплестин курулушу «ECCI Construction» (Калифорния, Берлинген ш.) тарабынан ишке ашырылган.

1999-жылдан бери «Чет өлкөдө имараттарды эксплуатациялоо боюнча бюросу»  АКШнын коопсуз курулуш боюнча мамлекеттик департаментинин программасынын алкагында 122 жаңы дипломатиялык имарат курду.  Дагы 46 объектинин долбоору иштелүүдө же курулууда.

«Чет өлкөдө имараттарды эксплуатациялоо бюросунун» милдети АКШнын дипломаттык миссиясы болгон өлкөлөрдө имараттарды тургузуу болуп саналат.  Бул имараттар Американын тышкы саясатынын максаттарынын алга жылышы боюнча маселелерди  биздин кызматкерлер ийгиликтүү аткара алгыдай коопсуз,  ишенимдүү жана кызмат көрсөтө алгыдай болушу керек.  Бул имараттар АКШнын архитектурасында, инженердик ишинде, экологиялык жана башка технологияларында, маданиятында жана курулушунда америкалык болгон баалуулуктарды жана бардык мыкты нерселерди көрсөтүүгө тийиш.

Долбоор жөнүндө кошумча маалыматты алуу үчүн бул шилтемеге өтүңүздөр: http://overseasbuildings.state.gov/releases/kits/   же Кристин Фушеге кайрылсаңыздар болот:

e-mail: FousheeCT@state.gov; телефон: (703) 875-4131