Катышуу арызыңыздарды жана ишканаңыздын толук резюмесин 2017-жылдын 17-февралынын саат 10-00 чейин төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүңүздү суранабыз: BishkekGSOBid@state.gov.
Тендерге иш сапарларды уюштуруу кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар, кесиптик окуудан өткөн адистери менен камсыздалган жана алдын ала квалификациялоо тандоодон өткөн компаниялар гана катыша алат. Төлөө шарттары: эсеп көрсөтүлгөн кызматтардын кол коюлган күбөлүктүн негизинде түзүлгөн счет фактура жөнөтүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төлөнөт. Квалификациялык тандоодон өтпөгөн компанияларга тендерге катышууга уруксат берилбейт. Кошумча маалымат алуу үчүн АКШ элчилигинин Сатып алуу бөлүмүнө (0312) 597 000 тел. аркылуу кайрылсаңыздар болот
Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги катышуучулардын алдында эч кандай жоопкерчиликти албастан, ар убакта бардык сунуштарды четке кагып, келишим түзүлгөнгө чейин тендерди токтотуу укугун өзүнө калтырат.