Коррупцияга каршы күрөшүү жана адам укуктары эл аралык күндөрүнө карата АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги жемкорлукка аралашкан жана адам укуктарын бузган субъекттерге каршы санкцияларды жана визалык чектөөлөрдү киргизүүнү жарыялады. Төмөндө АКШ Өкмөтүнүн “Executive Order (E.O.) 13818 and Section 7031(c) of the Department of State, Foreign Operations, and Related Programs Appropriations Act, 2020 (Div. G, P.L. 116-94), as carried forward by the Continuing Appropriations Act, 2021 (Div. A, P.L. 116-159)” аттуу Жарлыгына ылайык бул аракеттердин кыскача баяндамасы келтирилет. Бул жерден Глобалдык Магнитский актынын чектөөлөр программасына туш келген адамдар тууралуу так айкын түшүндүрмөлөрдү таба аласыз.
Кыргыз Республикасы
- Райымбек Матраимов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кеминде 700 миллион АКШ долларынын аткезчилик жолу менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан. 13818 Жарлыгына ылайык Матраимов чет өлкөлүк учурдагы же мурдагы мамлекеттик кызматкер, жемкорлукка, анын ичинде жеке пайда кылуу максатында мамлекеттик мүлктү ыйгарып алуу, жеке мүлктү ээлеп алуу, мамлекеттик келишимдерди түзүүгө, жаратылыш ресурстарын казып алууга байланышкан коррупция же паракорлук үчүн жоопкер, кыйыр же түзмө түз аралашкан адам катары киргизилет.
Мындан тышкары, Матраимов кызматтык милдеттерин аткарып турганда коррупцияга тиешеси бар болгондугу үчүн 7031(c) бөлүгүнө ылайык тизмеге киргизилди. 7031(с) бөлүгүнө ылайык, Мамлекеттик катчынын чет өлкөлүк кызмат адамдарынын коррупцияга же адамдардын укуктарын бузууга тузмө түз же кыйыр түрдө катышуусу тууралуу так маалыматы болсо, бул адамдар жана алардын жакын туугандары Америка Кошмо Штаттарына кирүү укугунан ажыратылат. Мыйзамга ылайык Мамлекеттик катчы жарыя кылып же жарыялабай туруп кызмат адамдарын жана алардын жакындарын тизмеге киргизүүгө милдеттүү. Матраимовдон тышкары, Департамент анын жубайын Уулкан Тургунованы тизмеге киргизди.