Басма сөз билдирүү
Хизер Науэрт
Пресс-катчы
Вашингтон 24-ноябрь, 2017-жыл.
Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбековду, бүгүн Бишкекте болуп өткөн, кызматка киришүү – инаугурация аземи менен куттуктайт. Кошмо Штаттары президент Жээнбековду жана кыргыз элин демократия, ачык жана таза шайлоо менен Борбор Азия тарыхындагы биринчи ирет болуп жаткан демократиялык жол менен шайланган лидерлердин ортосунда бийликтин тынчтык жол менен өтүүсүн кубаттайт.
Кошмо Штаттары 25 жылдан ашуун Кыргыз Республикасынын досу жана өнөктөшү болуп келүүдө, жана биз Кыргыз Республикасынын демокартиялык, гүлдөп туруктуу өлкө катары өнүгүүсүндөгү ийгиликтерин колдойбуз. Кошмо Штаттары жаңы шайланган президент жана анын администрациясы менен теңдик, ишеним жана бири-бирин урматтоо менен кызматташууга ниеттенет.