«Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу» ресурстук борбору Ош мамлекеттик университетинде ачылууда

Ош, Кыргыз Республикасы – 2015-жылдын 10-апрелинде Ош мамлекеттик университети «Коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу (КЭУБ)» ресурстук борборун ачууда. Ал Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы университеттерди колдоого алат. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Каныбек Исаков, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү университеттердин окутуучулары жана USAIDдин, Ист-Вест Менеджмент Институтунун жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү иш-чарага катышат. Борбордун ачылышынын расмий аземи төмөнкү дарек боюнча ОшМУнун бизнес жана башкаруу факультетинде эртең мененки саат 10до башталат: Масалиев көчөсү, 80, биринчи кабат, 102-аудитория.

Бул Кыргыз Республикасында КЭУБдун экинчи ресурстук борбору, биринчиси Кыргыз улуттук университетинде 2013-жылдын декабрынан тартып иштеп келе жатат. USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы эки борборду тең колдоого алат. КЭУБдун ресурстук борборлору туруктуулукту, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана коммерциялык эмес уюмдарга маалыматтык жана укуктук колдоо көрсөтүү үчүн билим берүүчү жана интеллектуалдык борборлор болуп саналат. Ош мамлекеттик университетинин КЭУБ ресурстук борбору студенттердин, окутуучулардын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын коммерциялык эмес, бизнес жана мамлекеттик секторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен мейман лекциялар, конференциялар жана дискуссиялар үчүн платформа катары кызмат кылат.

Борбордун ачылышынын аземинен кийин Кыргыз Республикасынын түштүгүндөгү университеттердин 20дан ашык профессорлору жана окутуучулары 2015-жылдын 10-11-апрелинде ОшМУдагы эки күндүк кесиптик өнүгүү семинарына катышат. Катышуучулар тандоосу боюнча: «Коммерциялык эмес уюмдарды башкарууга киришүү» жана «Азыркы дүйнөдө коммерциялык эмес уюмдарды башкаруу» деген эки курстун окуу пландарын карашат жана өздөрүнүн университеттеринде КЭУБ боюнча курстарды окутуу үчүн инновациялык технологияларды үйрөнүшөт. Кыргыз Республикасынын КЭУБ боюнча университеттердин консорциуму Джонс Хопкинс Университетинин Жарандык коом изилдөөлөр борборунун окутуучулары менен кызматташтыкта КЭУБ боюнча пландаштырылган беш курстун экөөсүн иштеп чыкты. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 11 университет 550дөн ашык студент үчүн эки курсту ишке киргизди.

Биргелешип башкаруу боюнча программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Американын эли тарабынан колдоого алынган көптөгөн программалардын бири жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү, жергиликтүү жана эл аралык окуу жайлар жана жарандык коом уюмдары менен тыгыз кызматташтыкта Ист-Вест Менеджмент Институту тарабынан ишке ашырылуучу программа болуп саналат.

USAIDдин Кыргыз Республикасындагы иши жана USAIDдин Биргелешип башкаруу боюнча программасы жөнүндө кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү веб-сайттарга кирсеңиздер болот: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic, www.ewmi-cgp.org жана www.oshsu.kg.

Байланышуучу жак: Меерим Маметова, ОшМУнун КЭУБ ресурстук борборунун координатору, моб.: +996 0559 192 021; эл. дарегиmerim_92@list.ru