Жаңылыктар жана окуялар

Эл аралык баңгизаттарын колдонууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлө турган коомдук иш-чаралар

2014-жылдын 26-июнунда АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү боюнча Агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган АИВ жана кургак учук боюнча диалог долбоору Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында Эл аралык баңгизаттарын колдонууга жана аларды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү күнүнө карата коомдук иш-чаралардын сериясын уюштурат. Кыргыз Республикасы Афганистанга жакын жайгашкандыгына байланныштуу, баңгизаттарын колдонуу жана баңгизаттарын сатуу өлкөдөгү өөрчүп бара ...
Дагы окууңуз»

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинен 1,9 $ миллиондон ашык суммага медициналык гуманитардык жардам

2014-жылы 26-июнда саат 11.00 дө шаардык №6 клиникалык ооруканада жалпы суммасы 1,9 млн. АКШ долларынан ашык гуманитардык жардамды тапшыруу аземи болот. Бул гуманитардык жардам  АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Үмүт операциясы” программасынын алкагында “Проект ХОУП” америкалык уюму аркылуу берилет жана дүйнөгө белгилүү фармацевтикалык компаниялар: GlaxoSmithKline, Hospira, Merck, Alcon, Covidien, 3M  жана башкалар тартуу кылган дары-дармектерден жана медициналык ...
Дагы окууңуз»

Чек ара аркылуу өтүүчү Аспара дарыясында суу эсебин алуу системасынын ачылышы болот

23-июнунда Чолок-Арык айылында чек ара аркылуу өтүүчү Аспара дарыясында эсепке алуунун суу өлчөгүч системасынын расмий ачылыш аземи болот. Иш-чаранын уюштуруучусу Борбордук Азиядагы Чөлкөмдүк экологиялык борбору (БАЧЭБ) болду. Ал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосундагы «Саясатты бирге иштеп чыгуудагы кызыкдар тараптардын өнөктөштүгү: Борбордук Азиядагы кичи суу бөлгүчтөрдөгү чек аралык кызматташууга көмөктөшүү» долбоорун жүзөгө ашырат. ...
Дагы окууңуз»

АКШ Өкмөтү Мамлекеттик бажы кызматына колдоо көрсөтүүдө

19-июнда АКШ элчисинин орун басары Лаура Грисмер жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Масабиров Аламүдүн-1 темир жол станциясындагы жаңы административдик имарат менен автоунаалар үчүн бажылык тазалоо бөлүгүнүн ачылыш аземине катышты. Жаңы имарат Бажы кызматына химиялык менен биологиялык куралдарды, жана аларга байланышы бар материалдарды аныктоого жана аларды алып өтүү аракеттерин тыюуга жардам берет. АКШ ...
Дагы окууңуз»

АКШнын элчиси жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Ош шаарында Медициналык-демографиялык изилдөөнүн ачылышын өткөрүшт

Бүгүн АКШнын элчиси Памела Спратлен жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Калиев Марат Темирбекович Ош шаарында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) каржылаган Кыргыз Республикасынын 2012-жылдагы Медициналык-демографиялык изилдөөсүнүн (КР МДИ-2012) жыйынтыгын талдоого арналган семинардын ачылышын өткөрүштү. Ош шаарында болуп өткөн семинарга Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан 50дөн ашуун саламаттык сактоо системасынын улук ...
Дагы окууңуз»