Жаңылыктар жана окуялар

Англис тилин окутуу Access программасынын Ново-Покровкада ачылышы

30-октябрда Чүй областтык китепканасы Ново-Покровкадагы “Алтын уя” боорукерлер үйүнүн 30 окуучу балага англис тилин окутуу Access программасынын ачылышын өткөрдү. АКШ Элчилигинин маданият жана билим берүү программалар боюнча кеңешчиси Рэй Нэйлер ушул интенсивдүү эки жылдык программага ийгиликтүү өтүшү үчүн 30 окуучуга сертификат тапшырды. Access программанын ушул жылкы он бүтүрүүчүсү өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. АКШ Мамлекеттик департаменти тарабынан ...
Дагы окууңуз»

АКШ Мамлекеттик катчынын жардамчысынын Борбордук Азия боюнча орун басары Кыргыз Республикасына келди

АКШ Мамлекеттик катчынын жардамчысынын Борбордук Азия боюнча орун басары Дэниел Розенблюм, 2014-жылдын 14-октябрынан 17-октябрына чейин Кыргыз Республикасына келип,  Кыргыз өкмөтүнүн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү жана жарандык коомдун лидерлери менен эки тараптуу мамилелерди талкуулады жана USAIDдин долборунун жабуу аземине катышты.  Бишкектен тышкары, Розенблюм мырза Ош менен Жалалабатка барып жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, коомчулуктун активтери жана студенттер менен жолукту. ...
Дагы окууңуз»

Адам укуктарына коркунуч келтирген мыйзамдар жөнүндө билдирүү

АКШ Элчилиги адам укуктарына, демократиялык жетишкендиктерге жана Кыргызстандагы конституциялык кeпилдиктерге түпкү коркунуч алып келтире турган Жогорку Кенеш тарабынан киргизилип жаткан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү терең тынчсыздануу менен кабыл алат.  Тогузунчу октябрда  биринчи талкуулоодо кабыл алынган салттуу эмес катнаштар жөнүндөгү мыйзамдардын кабыл алынышын жана комитеттердеги пландаштырылган чет өлкөлүк агенттер жөнүндө угууларды айрыкча белгилейбиз.  Бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамдар эркин ...
Дагы окууңуз»

USAID Кыргыз Республикасынын экономикалык жактан өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүсүн улантып келет

Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги (USAID) «Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID инициативасы» жаңы долбоорун тааныштырат жана экономикалык саясат боюнча – РЕФОРМА долбоорун расмий жабат. Салтанаттуу иш-чара АКШ Мамлекеттик департаментинин Борбордук Азия боюнча Мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Д. Розенблюм [1] , Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри Валерий Дил, АКШ Элчиси Памела Спратлен, ошондой эле өкмөт жана мамлекеттик органдардан, ...
Дагы окууңуз»

Өкмөт, тоо кен компанялары жана жергиликтүү коомдоштуктар кызматташуу жолдорун издеп жатышат

Бишкек, Кыргызстан, – «Тоо кен тармагында кызыкдар тараптардын ортосундагы кызматташууну жолго коюу жана чыр-чатактарды азайтуу» деген темадагы эки күндүк улуттук конференция бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде башталды. Конференциянын башкы максаты – мамлекеттик уюмдар, тоо-кен компаниялары жана жергиликтүү коом ортосундагы чыр-чатактарды алдын алуу жана карым-катышты чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Конференциянын ишине Өкмөт жетекчилигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын, тоо-кен ...
Дагы окууңуз»