Жаңылыктар жана окуялар

Каракол Америка Борбору жергиликтүү жаштарды билим алууга жана спортко шыктадыруу үчүн кышкы спорт лагерин өткөрдү

2022-жылдын 20-25-февралында Каракол Америка борбору Каракол лыжа базасында мектеп окуучулары үчүн кезектеги кышкы спорт лагерин өткөрдү. Он жылдан ашык убакыттан бери Каракол Америка борбору Ысык-Көл районунун айыл аймактарынан келген өспүрүмдөр үчүн кышкы спорт лагерин уюштуруп келет. Лагердин катышуучулары – бул билим берүү ресурстары жетишпеген айылдардан тандалып келген окуучулар. Алар бир жумалык спорт программада түрдүү билим ...
Дагы окууңуз»

АКШ элчилиги Кыргызстандын укук коргоо органдары менен терроризмге каршы күрөш боюнча окутуу жаатында кызматташууда

Бишкек, 24-февраль, 2022-жыл –  АКШ элчилигинин Коопсуздук боюнча аймактык кызматкери Эрик Олеруд Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин Терроризмге каршы жардам көрсөтүү (АТА) “Террористер колдонгон технологиялар” семинарын аяктагандыгы менен куттуктады. Семинарда кибер-иликтөө жүргүзүү ыкмаларына басым жасаган. Семинардын жыйынтыгында америкалык жана Кыргызстандын 14 укук коргоо жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери өнөктөштүктү өркүндөтүп, кибер коопсуздук боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүү ...
Дагы окууңуз»

Каракол Америка Борбору медиа сабаттуулук жана кибер коопсуздук боюнча маалымат борбору ачылды

2022-жылдын 18-февралында Ысык-Көл облустук китепканасында Каракол Америка борборуна караштуу «Медиа сабаттуулук жана кибер-коопсуздук боюнча маалымат борборунун» расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ысык-Көл облусттук администрациясынын өкүлдөрү жана Каракол Америка борборунун окурмандары катышат. Иш-чарада “Жаш адистер үчүн англис тили” программасынын катышуучулары аяктагандыгы тууралуу сертификат менен сыйланды. Эки программа тең АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан колдоого алынган. 2020-жылдын ...
Дагы окууңуз»

USAID менен Кыргыз Республикасы ачык жана адилеттүү сот системасын түзүүдө кызматташат

Бүгүн Бишкекте USAIDдин “Укук булагы” аттуу жаңы долбоорунун расмий бетачар аземи болуп өттү. Долбоор мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө жана элге багытталган адилеттүүлүк ыкмасын колдонуу менен коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган. Мындай ыкма карапайым жаранды бардык реформалардын жана инновациялардын борборуна коюп, адилеттүүлүк системасын адамдардын муктаждыгына ылайык жана ачык-айкын кылат. Расмий мааракеде Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, Жогорку соттун ...
Дагы окууңуз»

USAID Борбордук Азияда соода жана иш менен камсыз кылуу жаатындагы жетишкендиктерди белгилейт

Бүгүн АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) беш жылдык регионалдык а таандашуу жөндөмдүүлүгү, соода жана жумуш орундарын түзүү боюнча долбоордун ийгиликтүү аяктаганын белгиледи. Бул долбоор Борбор Азиядан экспортко жана жашылча-жемиш, транспорттук-логистикалык жана туристтик секторлордо иш менен камсыз кылуунун жогорулашына шарт түздү. Долбоор туристтик ассоциациялар, туризм боюнча улуттук комитеттер жана туризмди илгерилетүү боюнча жеке сектордун 400дөн ашык өкүлдөрү менен тыгыз өнөктөштүктө иштеди. Мисалы, социалдык ...
Дагы окууңуз»