Flag

An official website of the United States government

АКШ өкмөтү каржылаган изилдөө Кыргыз Республикасында гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнүн жолдорун сунуштайт
АКШ өкмөтү каржылаган изилдөө Кыргыз Республикасында гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнүн жолдорун сунуштайт
Тарабынан
2 МИНУТ ОКУЛДУ
November 30, 2023

АКШ өкмөтү каржылаган изилдөө Кыргыз Республикасында гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнүн жолдорун сунуштайт

БИШКЕК, 30-ноябрь, 2023-жыл – “Гендердик зордук-зомбулукка каршы активизмдин 16 күнү” иш чананын алкагында Кыргыз Республикасында гендердик зордук-зомбулуктун алдын алуу, ага чара көрүү, андан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жетиши жана реабилитациясы боюнча комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы бүгүн, 30-ноябрда АКШ өкмөтүнүн тарабынан USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору жана КР Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги биргеликте уюштурган конференцияда коомчулуктун назарына коюлду.

«Зордук-зомбулуктун кайталанышын кантип бөгөттөө керек: тоскоолдуктарды талдоо жана Кыргыз Республикасында гендердик зордук-зомбулукту жоюу стратегиясы» деген аталыштагы изилдөө коомдо терс ченемдерди бекем орнотуп, жабырлануучулардын алгылыктуу колдоого алынышына жана айыптуулардын жоопко тартылышына тоскоолдук жараткан системалык жана мыйзам чыгаруудагы боштуктарды аныктаган.

Изилдөөнүн негизги тыянактарына ылайык, Кыргыз Республикасында зордук-зомбулуктун алдын алууга аракет жасоо жана ага чара көрүү тиешелүү мекемелердин ар биринин ролу так аныкталбай, мекемелер аралык бири-бирине шайкеш иш алпаруу жетиштүү деңгээлде жолго коюлбай, каржылоо, отчеттуулук, натыйжаларды баалоо жана мониторинг жүргүзүү жетишерлик жөнгө салынбагандыктан бир кыйла татаалдашкан.

Изилдөөнүн корутундусунда Жогорку соттун Отурумунун токтомун кабыл алуунун зарылдыгы баса белгиленет. Гендердик зордук-зомбулук боюнча соттук иштерди кароодо Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексин колдонууну түшүндүрүп, ал эми бул өз кезегинде адилеттүү өкүмдүн чыгышын шарттайт.

Зордук-зомбулукка чара көрүү боюнча толук, ынанымдуу жана коопсуз кызмат көрсөтүүгө өбөлгө боло турган инфраструктураны өнүктүрүү аракеттери да кырдаалды жакшыртып коймок.

Изилдөөнүн авторлорунун негизги сунуштары буларды камтыйт:

– азыркы мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюп, зордук-зомбулуктан жабыр тарткан жарандар, анын ичинде балдарды кыйла майнаптуу коргоону камсыз кыла турган жаңы жоболорду киргизүү;

– Зордук-зомбулукка чара көрүү жана андан жапа чеккен жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын жол-жоболорун стандартташтыруу;

– коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу боюнча кампаниялар аркылуу коомдогу терс жүрүм-турум жана көз караштарды өзгөртүү жаатында иш алпаруу.

 

«Кыргыз Республикасынын Ичке иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылдын 10 айында үй-бүлөлүк зордук-зомбуклуктан 10416 учуру катталган, алардын ичинен 95.7% аялдар зомбулуктан жабыр тарткан. Бул сандар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук 23.7%-га өскөнүн көрсөтөт. Зордук-зомбулук жөнүндө маалыматтар

 

көйгөйдү гана эмес, өзгөртүу керектигин да билдирет.Ошондуктан мен баарыбызды биригүүгө жана өзгөрүүлөрдү жаратуу үчүн жоопкерчиликти алууга чакырам», – деди КРнын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева.

 

«Эч бир киши, мекеме, жарандык коом уюму же мамлекеттик орган аялдар жана кыздарга карата зордук-зомбулук көйгөйүн жалгыз чече албайт. Бул жапы тырмак киришип, дүйнөбүздө гендердик зомбулукка орун жок экенине ынангандар арасында шайкештикте аракет этүүнү талап кылат, – деп белгиледи Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери конференцияда сүйлөгөн сөзүндө, – АКШ өкмөтү Кыргызстан өкмөтү жана калкы менен дайым кызматташууга жана гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөштөгү аракеттерин колдоого даяр».

 

«Чара көрүүнүн убагы: зордук-зомбулукка каршы күрөштүн маалыматтарга негизделген өзгөртүүлөрү» аттуу конференция 2023-жылдын 30-ноябрында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору тарабынан уюштурулган. Иш-чара КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте “Гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк” кампаниясынын алкагында өткөрүлдү. Изилдөөнү төмөнкү шилтеме аркылуу жуктөп алса болот:https://pilresearch.com/wp-content/uploads/2023/11/gender-based-violence-kyrgyzstan-brief-rus.pdf

####

«Жигердүү жарандар» — USAID тарабынан каржыланып, 2019–2024-жылдар аралыгында FHI 360 эл аралык уюму тарабынан ишке ашырылып жаткан беш жылдык долбоор.

Гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөш «Жигердүү жарандар» долбоорунун орчундуу багыттарынан. Ошондой эле күнүмдүк катуу таштандылар жаатындагы ишти жөнгө салуу жана бул саясатты жакшыртуу менен катар долбоор жарандык коомду чыңдоо, жарандардын адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аракетин көрүп келет.

2020-жылдан тарта «Жигердүү жарандар» Кыргызстандын булуң-бурчундагы он бир кризистик борбор жана жарандык коом уюмду колдоого алып келет. Алар гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга утурумдук баш паанек берип, юридикалык жана психологиялык көмөк көрсөтүп, ал эми 2022-жылдан баштап 7000ден ашуун жабыр тарткан адамга жумуш ордун түзүп беришкен.

“Жигердүү жарандар” долбоору зордук-зомбулуктун алдын алуу чараларын күчөтүү максатында үй-бүлөлүк кордуктан коргоо, сактоо боюнча жергиликтүү 247 комитеттин мүчөлөрүнө атайын окууларды уюштурган. Мындай иш-чаралар алардын өз ишин аткаруу жөндөмдөрүн арттырууга жардам берди.

Андан сырткары, долбоор Гендердик теңчиликке жетүүнүн азыркы Улуттук стратегиясын жана бул багытта 2030-жылга чейинки иш-аракеттер планын иштеп чыгууну да колдоого алды. Ошону менен бирге эле долбоор гендердик зомбулуктан коргоонун майнаптуулугун арттыруу жана андай кырдаалга кабылгандардын сот адилеттигине жетүүсүн камсыздоо үчүн кылмыш жана жарандык мыйзамдарды реформалоодо эл өкүлдөрү, коомдук лидерлер менен жигердүү кызматташат.