Башталгыч класстагы окуучулардын окуу жөндөмдөрү боюнча жаңы изилдөө талкууланат

Бишкекте АКШнын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги биргелешип жүргүзгөн башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жөндөмдөрүн баалоо (EGRA) боюнча изилдөөнүн натыйжаларынын бетачары өтөт. Бул жалпы республикалык деңгээлдеги изилдөө окуучулардын кыргыз жана орус тилдеринде окуу жөндөмдөрү убакыттын өтүшү менен кандай өзгөрүп жатканын да көрсөтөт. Семинар 20-ноябрь күнү саат 13:00дө Бишкек шаарындагы “Дамас” мейманканасында өткөрүлөт. 

Бул баалоо АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAID) «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Семинарда долбоордун адистери үйдө колдонулган тил, социалдык жана экономикалык статус жана окурмандык адаттар сыяктуу факторлор кантип окуучулардын окуу боюнча ийгилигине таасир этерин да айтып беришет.

Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн баалоо – бул жааттагы эң чоң изилдөөлөрдүн бири. Бул изилдөө үчүн маалымат бүткүл өлкө боюнча 289 мектептердин 2 жана 4-класстарынын 5 миңден ашуун окуучуларынын арасынан топтолгон.

USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип, окуу жөндөмдөрүн жакшыртуу боюнча алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды колдонууга жардам берет. Долбоордун иши аркылуу бүткүл өлкө боюнча 900 мектепти жана аларда окуган 200 миңден ашуун окуучуну камтыйт.