АКШ өкмөтү колдоосу аркылуу Караколдогу баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин жаны имаратынын ачылуусу

2016-жылдын 12-декабры

Бишкек – 8-декабрда, АКШнын элчисинин орун басары Алан Мельцер Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин компьютер жабдыктары менен камсыздалган Караколдогу жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Жаңы имарат АКШ өкмөтү жана Орусия Федерациясы тарабынан каржыланып,  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баңгизат жана кылмыш боюнча башкармалыгынын (БКБ) К-50 “Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин потенциалын чыңдоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

«Бул жылы биз Кыргыз Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу дипломатиялык мамилелеринин жыйырма беш жылдыгын майрамдап турабыз. Биз баңгизаттырдын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөшүү боюнча кызматташууну чейрек кылымдын ичиндеги эң жигерлүү ийгиликтердин бири деп эсептейбиз. 2000-жылдан баштап, ушул иш аракеттерге АКШ өкмөтү 10 миллион доллардан ашык жардам көрсөттү», – деди АКШ элчисинин орун басары Алан Мельцер.

Кыргыз Республикасында мыйзамсыз баңгизаттарды көзөмөлдөө, даары-дармектерге тиешелүү мыйзамдарды чыңдоо, жабдыктар менен камсыз кылуу, окутуу жана эл аралык кызматташууну бекемдөө үчүн 2011-жылдан бери БУУнун БКБ К-50 долбоорунун алкагында ар тараптуу жардам көрсөтүлдү .

Имараттын курулушуна жана жабдыктарга жалпысынан 10 миллион сомдон ($147 000) ашык каражат сарпталды. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Ысык-Көл облусунун администрациясынын өкүлдөрү жана Оруссия Ички Иштер министрлигинин өкүлү катышты.