Кыргызстанда дарыларга туруктуу кургак учукту айыктыруу үчүн жаңы кыска режим киргизилүүдө

26-октябрда Улуттук кургак учук борбору дарыларга туруктуу кургак учук менен ооруган биринчи алты бейтап жаңы кыска дарылануу режимин аяктаганын тастыктады. АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасындагы бардык оорулууларды бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган жаңы режимге өткөрүү үчүн жергиликтүү өнөктөштөр менен иштеп жатат.

Жаңы режим стандарттууга караганда эки эсе кыска, кошумча терс таасири аз жана дарттын дарыга туруктуу түрдүү формадаларына каршы турууда эффективдүү. Бул кургак учук менен күрөштөгү чоң кадам.

2017-жылдын январь айында киргизиле баштаган жаңы режимде Бишкек жана Чүй облусунда 92 киши дарыланып жаткан. Алар стандарттуу режимге караганда кошумча терс таасирлер азыраак болгонун айтып, батыраак айыгып жатышат.

Кыргыз Республикасы дүйнө боюнча дарыларга туруктуу кургак учуктун деңгээли эң жогору болгон 30 өлкөнүн ичине кирет. Жыл сайын Кыргызстанда 1400дөй киши дарыларга туруктуу, башкача айтканда, кургак учукка каршы эки эң күчтүү жана эффективдүү дарыга туруштук берген кургак учук менен ооруйт.

2017-жылдын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы режимди өлкө боюнча жайылтууну пландаштырып жатат. Жүздөгөн жаңы пациенттер бул режимде дарыланууга өтүшөт. USAIDдин Challenge TB (“Кургак учукка каршылык”) долбоору бул жараянды 1,000ден ашуун дарыгерлерди үйрөтүү аркылуу колдоп келет жана келерки эки жылда колдоону улантат.