Бишкек, Кыргыз Республикасы, 9-декабрь, 2022-жыл – Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 2022-жылдын 17-декабрына чейин коомчулук үчүн “Изилденбеген потенциал” аттуу жаңы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмө кыргызстандыктардын жашоосун тамак–аш азыктары жана тамактануу призмасы аркылуу изилдеп, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана экономикалык потенциалын көрсөтөт. Бул көргөзмө АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) “Мыкты азыктануу” долбооруну колдоосу менен даярдалган.
Экспозицияга эл аралык документалист-фотограф Максим Фоссат тарабынан Баткен жана Жалал-Абад облустарында тартылган 60 фото камтылган. «Бир нече жыл мурун Кыргызстандын түштүгүнө биринчи жолу барганда, бардык жерде өскөн жашылча-жемиштердин түрлөрү мени суктандырган. Бирок анын адамдардын күнүмдүк рационунда канчалык аз колдонулганы мени таң калтырды. Ошондуктан мен бул карама-каршы аспекти сүрөттөрүмдө чагылдырылышын кааладым, бул USAIDдин “Мыкты азыктануу” сыяктуу долбоорлордун зарылдыгын баса белгилейт”, – дейт Максим Фоссат.
Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Кайя Адамс долбоор Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тамактанууну жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча аракеттерине салым кошуп жатканын белгиледи. «Жетишкендиктер көп, бирок өлкөдө жана бүткүл дүйнө жүзүндө азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлүп жаткандыктан, биз жаңы кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз. Демек, биз калктын аялуу катмарын, өзгөчө аялдарды жана балдарды коргош үчүн, дагы да көбүрөөк иштешибиз керек», – деди Кайя Адамс көргөзмөнүн ачылыш аземинде.
“Мыкты азыктануу” долбоору жергиликтүү жана улуттук өкмөттүк өнөктөштөр менен репродуктивдүү курактагы (15-49 жаш) аялдардын жана 5 жашка чейинки балдардын тамактануу абалын жана ден соолугун жакшыртуу боюнча иш алып барат.
# # #
Кошумча маалымат үчүн тел. +996 (220) 151661, Сулайманова Жаныгул.
Facebook: USAIDдин «Мыкты азыктануу» долбоору.