Бишкек – Эл аралык аялдар күнүнүн алдында, 2016-жылдын 7-мартында Судья аялдардын кыргыз ассоциациясы Кыргыз Республикасынын жаңы лидер аялдарын чагылдыруу боюнча журналисттер арасындагы конкурстун финалисттерин сыйлоо аземин өткөрөт. Бул азем К. Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн китепканасында жайгашкан Америка борборунда саат 14:00-15:00дө болот. Дареги: Бишкек шаары, Огонбаев көч., 242, 2-кабат. Конкурс АКШнын жана Улуу Британиянын колдоосунда уюштурулду.
Аземге АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Шейла Гуолтни, КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Феруза Джамашева, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Султанбекова, жарандык коом уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле финалист иштердин негизги каармандары катышат.
Кыргыз Республикасынын ар түрдүү региондорунан келген журналисттер ушул конкурстун талаптарынын алкагында Кыргызстандын жаңы лидер аялдары тууралуу айтып берип, конкурста 70тен ашык ишти көрсөтүштү. Азем учурунда жеңүүчү болгон он журналист жана алардын окуяларында айтылган он аял өздөрүнүн жетишкендиктери жана лидерлиги үчүн таанылат. Жакынкы айларда жаңы лидер аялдар насаат берүү программасына катышат, ал эми финалга чыккан журналисттер алардын керектөөлөрүн эске алуу менен күчөтүлгөн кесиптик даярдык алышат.
Бул конкурс жана долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП)алкагында ишке ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган.