Ошто жаңы иштеп баштаган жемиш кургатуучу жана муздак сактоочу жайлар жергиликтүү дыйкандардан түшүм сатып алууну баштады. Эки жаңы жемиш кургатуучу ишкана жылына 1,000 тоннадан ашык жемишти кайра иштете алат, ал эми жаңы кампанын сыйымдуулугу – 40 тонна алма.
Бул ишканаларда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) көмөгү менен заманбап, экспортко татыктуу сапатта продукция чыгаруучу кайра иштетүү линиясы орнотулган. Бул жаңы ишканаларга 2 миңден ашуун жергиликтүү үй-бүлөлөр түшүмүн сатып, пайда көрүшү күтүлүүдө.
ЖЧК “Оржемилдин” жаңы цехи жылына 600 тонна жемишти кайра иштете алат. Ишкана базарда чийки сатууга жарабаган шабдалы, алча, кара өрүк сыяктуу жемиштерди кайра иштетип чыгарат. Кургатылган жемиштерди чыгаруучу ЖЧК “Advantex” өзүнүн Өзгөндөгү жаңы цехинин жардамы менен өз өндүрүмүн жылына 500 тоннага чейин кеңейтүүнү көздөп жатат. Эки учурда тең, USAID ишканаларды жаңылап, жабдууларды орнотуп, эл аралык сапат көзмөл (HACCP) системасын киргизүүгө жана башка нерселерге көмөктөштү.
Аялдардын ишмердүүлүгүн жайылтуу боюнча аракетинин алкагында, USAID Сабира Айдошова менен да кызматташып, ага жемишти муздак сактоо ишин кеңейтүүгө жардам берди. Өзгөндө жайгашкан жаңы алма сактоочу складдын сыйымдуулугу 160 метр кубду түзөт. Анда тандалган алмалар сакталып, сезон бүткөндө сатылып, жергиликтүү дыйкандар өстүргөн жемиштерге жыл боюу талапты колдоого жардам берет.
Бул Оштун дыйкандарына жана сатып алуучуларына пайдалуу болгон ишканалар USAIDдин төрт жылдык “Агро горизонт” долбоорунун көмөгү менен ишке ашты. Бул долбоор өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана жергиликтүү жана эл аралык рынокторго жол ачуу аркылуу дыйкандардын кирешесин көбөйтүүнү көздөйт.
Ушул убакытка чейин, USAID 49 компания менен өнөктөшүп, 27 млн. АШК долларына барабар жергиликтүү капиталды көтөрүп, аларды Кыргызстандын айыл-чарба продукциясын экспорттоо дараметин жогорулатуу жана импортту алмаштыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багыттады.