10-мартта Кыргызстандын борбор шаарында өткөрүлүп жаткан сот экспертизасынын жаңы лабораториясынын имаратынын пайдубалына алгачкы ташты салуу аземи Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин ортосундагы өнөктөштүктүн жаңы чекке чыккандыгынын белгиси болуп калды.
Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев мырзанын, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов мырзанын, Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева айымдын, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельцер мырзанын жана БУУ БКБнын Борбордук Азиядагы Аймактык өкүлү Ашита Миттал айымдын катышуусу менен Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору (СЭМБ) үчүн курула турган жаңы имараттын пайдубалына алгачкы таш салынды, бул келечекте соттук экспертизалардын сапатын кыйла жогорулатууга шарт түзмөкчү.
БУУ БКБ АКШнын Мамлекеттик Департаментинин Баңгизаттардын эл аралык жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү боюнча Бюросунун (INL) каржылык колдоосу алдында болжол менен 48 миллион сом (же 630000 АКШ доллары) суммасындагы каражатка реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.
«Соттук-медициналык экспертизанын лабораториялары берген объективдүү маалыматтар адилет соттук териштирүүлөрдү жана укук үстөмдүгүн камсыздоо үчүн олуттуу мааниге ээ”, – деп айтты АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельцер мырза. «Дал ошондон улам АКШ Өкмөтү Кыргызстандын жарандарына сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө соттук экспертиза боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында Кыргызстандын элине жардам берүүгө умтулат”.
Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору Кыргыз Республикасынын негизги соттук-экспертизалык мекемеси болуп саналат жана өлкөдөгү соттук экспертизалардын 80 пайызынан ашыгын ишке ашырат. Жылдыз Мамбеталиева, Юстиция министри, жаңы кызматтык жана лабораториялык жайлардын курулушу аталган мекеменин дараметин арттыруу жолундагы алгачкы гана кадам экендигин белгилеп өттү: «Азыркы тапта СЭМБ 1940-жылдарда курулган жана эскилиги жеткен, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө ылайыкталбаган имаратта жайгашкан. АКШ каржылаган БУУ БКБ долбоорунун аркасы менен эми бизде соттук-медициналык экспертиза боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү акырындык менен эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө жана зарыл болгон башкаруунун сапатын көзөмөлгө алуу тутумун түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралып отурат”, – деди Ж.Мамбеталиева.
БУУ БКБ Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттерге соттук экспертиза жаатында мыкты тажрыйбалар боюнча илимий-усулдук адабияттарды берүү, тренингдерди уюштуруу жана тестирлөө.