14-сентябрь, 2022-жыл – Аравандагы Pasadena Moda жаңы тигүү фабрикасында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан берилген жабдуулардын негизинде күнүнө 40 000 даанага чейин эркектердин, аялдардын жана балдардын кийимдери чыгарылат. АКШ өкмөтү менен өнөктөштүк фабрикага 100дөн ашык адамды, негизинен жергиликтүү аялдарды жумуш менен камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
Жабдууларды тапшыруу аземи АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Араван районунун акими Сейтек Кулубаев катышуусу менен өттү.
Соната Коултер өз сөзүндө бул тигүү фабрикасы Кыргыз Республикасындагы АКШ тарабынан колдоого алынган көптөгөн ишканалардын бири экендигин белгиледи. «Акыркы төрт жылдын ичинде эле биз Кыргызстандагы 120дан ашык ишкананын өнүгүшүнө, сатуунун көлөмүн көбөйтүшүнө, жаңы рынокторго чыгуусуна жана эң негизгиси 18 000ден ашык туруктуу жана сезондук жаңы жумуш орундарын түзүшүнө жардам бердик», – деди ал.
Pasadena Moda USAIDдин “Конкуренттүү ишкана” долбоорунун алкагында оверлок, капкак тигүүчү, түз сызык жана башка тигүү машиналарын алды. Жакынкы үч жылда компания кеңейтүүнү жана дагы 500гө чейин адамды жумушка алууну пландаштырууда.
“Ишкана миграция агымын азайтууга таасирдүү салымын кошуп, бир канча мекендештерибизге, өзгөчө эже карындаштарыбызга, үй-бүлөлөрү менен мекенинде жашап-иштеп, татыктуу өмүр сүрүүсунө себеп”, – деди ишкананын ээси Азимкул Жолдубаев.
Pasadena Moda – Кыргыз Республикасындагы белгилүү компания. Башында компания ички рынокто гана иштесе, азыр коңшулаш өлкөлөр боюнча ири соода түйүндөрүнө жана супермаркеттерге заказдарды аткарат. Pasadena Moda’нын трикотаж буюмдары эл аралык сапат стандарттарына сертификацияланган.
USAID текстиль, тамак-аш өндүрүшү, айыл чарба, IT, финансы жана башка тармактарда чакан жана орто ишканалар менен иштешип, аларга өндүрүштү кеңейтүүгө, экспортко жарамдуу болуу үчүн эл аралык стандарттарына жооп берүүгө жана Кыргыз Республикасында көбүрөөк жумуш орундарын түзүүгө жардам берет.
####