7-июль, 2023-жыл – Ош облусунун Чоң–Алай районундагы «Жар–Башы» кооперативи АКШ тарабынан Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) «Агросоода» долбоору аркылуу берилген жабдуу менен 220 жаңы иш орундарын түзүп жана сатуу көлөмүн көбөйтүүгө жетишти. Жаңы (4,3 миллион сомго бааланган) жабдуу жана кошумча окутуулар «Жар–Башынын» картошка үрөнүн сорттоо жана кайра иштетүү кубаттуулугун кеңейтүүгө жана жогорулатууга болгон дареметин күчөтүп, өнүмдөрдүн сапатын экспорттук талаптарга жооп бере тургандай деңгээлге чейин жакшыртууга мүмкүндүк берди.
«Үрөндүн тазалыгын жана бирдейлигин камсыз кылууда үрөн кампасынын болушу өндүрүштүн бардык этаптарында сапатты көзөмөлдөөнү, жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн маанилүү. Бул сапаттуу үрөндү узак мөөнөттө, туруктуу сатып, анын натыйжасында сатуу рыногун кеңейтүүгө жана экспортту көбөйтүүгө өбөлгө түзөт», — дейт «Жар–Башы» кооперативинин башчысы Султаналы Абдувалиев.
Маанилүүсү, мындай кеңейүү кооперативди картошканын үрөндөрү менен камсыздаган дыйкандарга да пайда алып келет. «Базарга кирүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана сооданын өсүшүн колдоо USAID үчүн ар дайым башкы приоритет болуп келген, анткени бул экономиканы кеңейтүүнүн жана кыргыз элинин кирешесин жогорулатуунун эң мыкты жолу. Бул өнөктөштүк картошканын сапаттуу үрөндөрүн өндүрүүгө салым кошуп, сатуунун жана экспорттун өсүшүнө, ошондой эле жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө шарт түзөт деп ишенебиз», дейт USAIDдин Экономикалык өнүгүү департаментинин директору Жошуа Темплтон.
USAIDдин Кыргыз Республикасындагы «Агросоода» долбоору Кыргызстандын айыл чарба ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Өзбекстан Республикасы менен соода мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу жумуш орундарын жана кирешелерди көбөйтүүгө багытталган.
Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Надира Махкамовага nmakhkamova@kyrgyzagrotrade.com электрондук почтасы же +996770268337 номери аркылуу кайрылыңыз. Ошондой эле «Агросоода» долбоорунун социалдык тармактардагы: Facebook, Instagram жана YouTube баракчаларына катталыңыз.



