Жаңы жабдуулар Кыргыз Республикасында жогорку сапаттагы кашемир өндүрүүнү көбөйтөт

18-январь, 2023-жыл  – Кыргыз Кашемиркомпаниясы АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) аркылуу АКШ өкмөтүнөн жаңы жабдууларды алды. Анын жардамы менен компания жылына 80 тоннага чейин жогорку сапаттагы буланы өндүрүүнү көздөп жатат. “Кыргыз КашемирБишкек шаарында тыбыт, топоздун жана төөнүн жүнүн кайра иштетүүчү жаңы цех ачты. 

АКШ өкмөтү менен өнөктөштүк, “Кыргыз Кашемиришканасына Баткен, ЖалалАбад, Нарын, Ош жана ЫсыкКөл областтарында жүн чогултууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлук ачты. Натыйжада жүздөгөн үйбүлөлөрдүн кирешеси да көбөйүшү күтүлөт. 

Тыбытты Кыргызстандын алыскы аймактарындагы дыйкандардан чогултабыз. Өндүрүшүбүз мындан дагы көбүрөөк үйбүлөгө экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт. Ал эми келечекте, ишканабызды кеңейтип, Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн дагы тыбыт чогулта алабыз“, – дейтКыргыз Кашемиркомпаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Сай Белохлавек. 

Цехтин ачылуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ушундай ишканалардын мамлекет үчүн керектигин белгилеп кетти келет.

Кыргыз Кашемирмамлекетибиздин брендине айланат деп терең ишенем. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги сиздерди дайым колдойт. Сиздерге көрсөткөн колдоосу үчүн USAID уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз. Өз кезегинде, АКШ менен болгон достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо мамлекетибиздин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилейм”, – деди Төрөбаев. 

Буланы кайра иштетүүнүн эң жогорку сапатын камсыздоо аркылуу, ишкана кыргыз кашемиринин жана топоз жүнүнүн эл аралык рыноктогу конкуренттүлүгүн жогорулатууга умтулат. “Кыргыз Кашемиришканасы Европанын сапаттуу кийим өндүрүүчүлөрүнө кыргыз кашемирин экспорттоо үчүн чабандарды окутуп, кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмаларын киргизет. 

Кыргыз Кашемиришканасы Кыргыз Республикасында USAID аркылуу АКШ тарабынан колдоого алынган көптөгөн ишканалардын бири. Акыркы төрт жыл ичинде биз 120дан ашык кыргызстандык бизнестин өсүшүнө, сатуу көлөмүн көбөйтүүгө, жаңы рынокторго чыгууга жардам бере алдык. Натыйжада 18 миңден ашык жаңы туруктуу жана сезондук жумуш орундарын түзүлдү“, – деп белгиледи АКШнын Кыргыз Респуликасындагы элчиси Лесли Вигери. 

Кошумча маалымат: 

Кыргыз Кашемиришканасы үчүн жабдуулар USAIDдин беш жылдыкКонкуренттүү ишканадолбоорунун алкагында берилди. Жалпы бюджети 23 млн долларды түзгөн долбоор жеңил өнөр жай, азыктүлүк өндүрүшү, айыл чарба, маалымат технологиялары, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканалар менен кызматташат. 

Долбоор Кыргызстанда жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн ишканаларга өндүрүшүн кеңейтүүгө жана сатууларын көбөйтүүгө колдоо көрсөтөт. 2018-жылдан бери аталган долбоор аркылуу USAID өлкө боюнча 120дан ашык бизнеске колдоо көрсөткөн. 

Мындан тышкары, USAIDдин ишкердикти жана бизнесчөйрөнү өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында «Кыргыз кашемир» өндүрүштү баштоо боюнча консультациялык жардам алды. 

Толугураак маалымат үчүн USAIDдинКонкуренттүү ишканадолбоорунун коммуникация боюнча кеңешчиси Жылдыз Ниязалиевага кайрылыңыз (zniiazalieva@ecp-kyrgyzstan.org, тел: +996 (770) 808 063). 

# # # #