2015-жылдын 26-майында Айыл чарба министрлиги Ош областынын Араван районунда эрте бышуучу жашылчаларды жана жемиштерди өстүрүүнүн алдыңкы технологиялары боюнча Республикалык Семинар өткөрөт. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев, ошондой эле Өкмөттүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Махаммадов Ахмаджан катышаары күтүлүүдө. Республиканын бардык областтарынан фермерлер, айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү, агрардык өнүктүрүү райондук башкармалыктарынын жана айыл чарба консультациялык кызматтарынын кызматкерлери семинарга катышат. Бул иш-чара USAID Агро Горизонт долбоорунун колдоосунда өткөрүлүп жатат.
Жагымдуу климаттык шарттарынын аркасында, Кыргыз Республикасынын түштүк региондору экспортко экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүүдө жогорку потенциалга ээ. Бул Кыргыз Республикасынын жаңы экспорттук рынокторду издөөдө көрүп жаткан аракеттерин эске алганда абдан маанилүү, мындай аракетти бир аз мурун өлкөнүн Евразия Экономикалык Бирлигине кирүүсү күбөлөндүрүп турат. Жаңы ачылып жаткан мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында, Республикалык Семинар тамчылатып сугаруу жана күнөскана сыяктуу, кургакчылык шарттарда жемиштерди жана жашылчаларды өстүрүүдө алдыңкы технологияларды жайылтууга жардам берет. Араван районунун фермерлери акыркы он жылдын аралыгында экспорттук рынокко жеткирүү үчүн эрте бышуучу жашылчаларды жана картошканы өстүрүүнү көбөйтүү үчүн ушундай технологияларды ийгиликтүү пайдаланып келет.
Агро Горизонт – бул USAID тарабынан каржыланган жана ACDI/VOCA тарабынан ишке ашырылган төрт жылдык долбоор. Долбоордун негизги максаты жемиштерди, жашылчаларды, сүт азыктарын, этти, ошондой эле жумуртканы өндүрүүдө алектенген, Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана агрардык ишканалардын өндүрүмдүүлүгүн жана атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен, ошондой эле Нарын областтарындагы фермерлерге жана агрардык ишканаларга багытталган. Долбоор бизнес жана саясый жагымдуу чөйрөнү жакшыртууну, ошондой эле өндүрүүчүлөрдүн ички жана тышкы рынокторго жетүү мүмкүндүгүн кеңейтүүнү илгерилетет. Долбоор жөнүндө кеңири маалымат веб-сайтта жеткиликтүү: http://www.usaid.gov/kyrgyz-republic/fact-sheets/usaid-agro-horizon-project.
Кызыкдар болгон журналисттердин баары бул иш-чарага чакырылат. Кененирээк маалымат алуу үчүн коммуникациялар жана окутуу боюнча менеджери Асель Карагазиевага төмөнкү байланыш даректери боюнча кайрыла алышат: телефону: (+996 770) 850-990 же e-mail akaragazieva@acdivoca.kg.