9-10-июль, 2019-ж. Бишкек. АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги “Аполло 11” космостук миссиясынын 50 жылдыгын белгилеп жаштар, жаш ойлоп табуучулар, илим, технология, математика жана инженерия (STEM) чөйрөлөрүндө алектенген айымдар жана кыргызстандык изилдөөчүлөр менен жолугуу максатында НАСАнын инженери др. Камил Уордроп Аллейндин Бишкекке сапарын колдоодо. Бардык иш чараларга кирүү акысыз.
Др. Аллейн НАСАнын мурунку жана учурдагы программалары боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, STEMде кесип курууга кызыкдар кыздар жана аялдар менен таанышат.
9-июльда др. Камил жаштар үчүн Америкалык Борбордо “STEMдеги аялдар” аттуу тренинг өткөрөт. Ал ошондой эле “Алтын түйүн” академиясынын жаш ойлоп табуучулары жана Клооп тарабынан колдоого алынган cпутник куруп жаткан кыздар менен жолугушууларга катышат.
Др. Камил Клооптун спутник куруу мектебинин кыздары менен практикалык тренингде жолугуп, алардын Кыргызстанда алгачкы спутникти куруу жана учуруу пландарын талкуулайт.
Др. Камил 2019-жылдын март айынан июнь айына дейре АКШ элчилигинин колдоосу менен кыздар үчүн төрт виртуалдык тренинг өткөзүп келди. Тренинг учурунда кыздар инженериянын жана спутник куруунун негиздерин ошондой эле учуруудан мурун сыноо жараяндары, маалыматты кабыл алуу жана өткөрүү жараяндары тууралуу теориялык билим алышты.
10-июль күнү, др. Камил Кабар маалымат агенттигинде журналисттер үчүн маалымат жыйынында, НАСАдагы тажрыйбасы жана космостогу аялдардын ролу тууралуу маалымат берет.
Ошол эле күнү, Улуттук илимдер академиясынын изилдөөчүлөрү, Билим берүү жана илим министрлиги, Борбор Азиянын колдонулуучу жер илимдери институнунун кызматкерлери жана түрдүү жогорку окуу жайларынын кызматкерлери менен таанышуу иретинде жолугушууга катышат.
Иш-чараларга кызыкдар медиа өкүлдөр 0312 597000, 0770 770299 номурлары жана BishkekPAS@state.gov дареги аркылуу АКШ элчилигинин Басма сөз кызматы менен байланыша алат.