АКШнын Элчилиги Нарындын тургундары менен бирге ала качууга жана кыздарды никеге турууга мажбурлоого каршы турууда

2015-жылдын 13-октябрында саат 12-00до, Нарын облусундагы Жумгал районунун Чаек айылында Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гимназия-мектебинин окуучулары, бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери милициянын, жергиликтүү бийлик органдардын, жалпы маалымдоо каражаттардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен бирге мажбур түрдө нике кыюуга каршы мыйзамдарды жана бул коркунучтуу кылмыштын кесепеттерин талкуулашат.  Бул маалымдоо өнөктүгү элеттик жаштардын өз укуктары жана мажбурлап нике кыюунун мыйзам алдындагы жоопкерчилиги жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуусун көздөйт.  Уюштуруучулар “кыз ала качуу кыргыздардын каада-салты” деген мифтин бетин ачат. Бул иш-чара АКШнын Кыргыз  Республикасындагы элчилигинин Баңги заттарды  көзөмөлдөө жана укук тартипти коргоо боюнча бөлүмү тарабынан каржыланып, жергиликтүү “Даанышман Жумгал Кабары” коомдук бирикмеси жана эл аралык “Saferworld” уюму менен “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук фондусу жактан уюштурулат.

Уюштуруучулар кыз ала качуу жана мажбурлап нике кыюу көрүнүштөрдүн мыйзамдык, психосоциалдык жана этикалык жактары жөнүндө маалымат беришет. Ушундай иш-чаралар Нарын облусунун алыскы айыл жергелеринде да маалымдуулукту көтөрүү максатында 16 мектепте  өткөрүлөт.  Маалымдоо өнөктүгү 11-октябрда боло турган Эл аралык Кыздардын күнүнө туш келет.  Ушул жылдын “Өспүрүм кыздардын күчү: 2030 жылга чейин көз караш” темасы жакырчылык, зордук-зомбулук, кыздарды бөлүү жана басмырлоо көрүнүштөрүнүн муундан муунга өтүүсүн токтотуу жана өнүгүү жаатында адилеттүү жана туруктуу жыйынтыкка жетүү үчүн секелек кыздарды социалдык, экономикалык жана саясий жактан колдоо муктаждыгына көңүл бурат.

Байланыша турган адам: Допоев Жапарбек Карагулович

Эл. дарек: djk_61@mail.ru

Телефон: 03536 23008, 0773240688.