Flag

An official website of the United States government

Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын башчысы узак мөөнөттүү өнөктөштүктү бекемдөө үчүн Кыргыз Республикасына
сапары менен келди
Тарабынан
1 МИНУТ ОКУЛДУ
October 13, 2021

2021-жылдын 29-сентябры – Бишкек – ​​Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын генерал-адъютанты, генерал-майор Питер Хронек, 2021-жылдын 25-29-сентябрында Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары учурунда, АКШнын убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Култердин коштоосунда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, ошондой эле тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушту. Генерал-майор Хронек, ошондой эле, генералдык штаб башчысы генерал-майор Уларбек Шаршеев, Чек ара кызматынын жетекчиси жана башка кыргыз расмилери менен биргеликте Кой таш бригадасына  Коргоо министрлигинин машыгуу жерлерине байкоо жүргүзүү үчүн барып келди.

Бул жолугушууларда генерал-майор Хронек АКШ өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна, көз карандысыздыгына, суверенитетине жана аймактык бүтүндүгүн эзелтен колдоп келээрин ырастады. Ал ошондой эле Монтана штатынын Улуттук гвардиясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы 25 жылдан ашуун уланып келген өнөктөштүктү баса белгиледи жана АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өзгөчө кырдаалдарга даярдык, гуманитардык жардам жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү каалоосун баса белгиледи.