Ички иштер министирлиги жана АКШ элчилиги Ош шаарында Коомдук алдын алуу борборун ачты

10-июлда, ички иштер министринин биринчи орун басары (ИИМ) Суйун Омурзаков жана Бишкектеги АКШ элчилигинин бангизаттарды мыйзамсыз жугуртуу жана укук коргоо бөлүмүнүн директору Ош шаарындагы Амир-Тимур Коомдук алдын алуу борборун (КААБ) ачышты,  жашаган калктын саны 52,000 киши, жумушсуздук, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, наркомания ооруулары, эрте никеге туруу, радикалдуулук жана зордук-топторго жаштарды тартуу маселелери менен иштеп келишет. Амир-Тимур КААБу ар тараптуу өнөктөштүктүн, жана томонку мекемелер тарабынан каржылоон натыйжасында тузулду: 64 пайыз (болжол менен $ 15,000) АКШ элчилигинин бангизаттарды мыйзамсыз жугуртуу жана укук коргоо булуму тарабынан, 18 пайызы (болжол менен $ 4,500) Ош шаарынын мэриясы тарабынан, 11 пайызы ( болжол менен 2600 $) Ош шаарынын иш менен камсыз кылуу, миграция жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы тарабынан, жана калган 7 пайызы (болжол менен 2000 $) жергиликтуу коом тарабынан.

Ички иштер министринин орун басары оз созундо, бул борбордо аймактык милиция кызматкерлери, аксакалдар соту, иш менен камсыз кылуу, миграция жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы жана аялдар кенеши биргелешип жалпы элге кызмат корсотууго бардык шарттар түзүлду жана бул борбор керектуу оргтехника менен жабдыланды» деп белгиледи. АКШ элчилигинин бангизаттарды мыйзамсыз жугуртуу жана укук коргоо бөлүмүнүн директору Пол оз созундо, « Америка Кошмо Штаттары, Кыргаз Республикасы, эл аралык уюмдар, жарандык коом менен укук коргоо органдары жана жергиликтуу жамаатын биргелешип иштоосун кучтондуруу максатында кызматташат. Себеби биргелешип иштоонун натыйжасында жергиликтуу жамаат кучтуу болот, ал эми укук коргоо органдары элге жакын болгондуктан эффективдуу иштешет » деп белгиледи.

Сөзүнун жыйынтыгында ” милиция жана элдин ортосундагы кызматташтык адам укуктарын, жоопкерчиликти, ачыктыкты жана мыйзамдын устомдуулугун камсыздайт, ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, жаштар арасындагы зомбулук кылмыштарын алдын алат, жана коомдук коопсуздук, радикализм жана экстремизм боюнча талкууларды жургузот.

2013-жылдан бери Америка Кошмо Штаттары, Кыргыз Республикасынын түштүгүндө 24 жамаатын жана 23 кылмыштуулуктун алдын алуу борборлорун колдоо менен Кыргыз Республикасынын улуттук жана жергиликтуу денгээлде коомдук укук тартибин коргоого болжол менен 4 млн АКШ доллар багыттаган.