Бишкек – 28-февраль күнү, АКШ өкмөтү, Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы беш башталгыч мектептери үчүн кыргыз тилинде 600дөн ашуун китеп тапшырат. Аталган мектептер өлкө боюнча 2150 мектептердин арасында биринчилерден болуп алышат. Жалпысынан, USAID Кыргызстандын мектептери үчүн 264,000 ашык китептерди тапшырат. Китептерди тапшыруу расмий аземи Аламүдүн районунда Кара-Жыгач айылында К. Табалдиев атындагы мектепте (Күндүчалов көчөсү, 90) саат 10.00 өтөт. Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин орун басары Салидин Калдыбаев жана USAIDдин өкүлчүлүгүнүн директору Кимберли Розен катышат.
Ар бир мектеп 123 китептен алат. Алар алгачкы окурмандарга ылайыктанган, кыргыз тилинде жазылган жомоктор, окуялар, табышмактар жана ырларды камтыган китептер. Китептер USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында берилип жатат. Бул долбоор өлкө боюнча 60% мектептерде иштеп, 1-4 башталгыч класстардын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу аракетинде.