АКШ Элчилиги элчи Ричард М. Майлз Кыргыз Республикадагы АКШнын миссиясынын убактылуу башчысы болуп дайындалганы жөнүндө маалымдоого курсант. АКШнын Сенаты Кыргыз Республикасына туруктуу элчисин дайындаганча, элчи Майлз убактылуу негизинде иштейт.
Ричард (Дик) Монро Майлз 1937- жылы Арканзас штатынын Литтл-Рок шаарында төрөлүп, элеттүү жана майда шаардуу Индиана штатында чоңойгон. 1954-1957-жылдары деңиз жөө аскер кызматын өткөндөн кийин, Бейкерсфилд колледжин, Калифорниядагы Беркли университетин жана Индиана университетин бүтүргөн. Андан тышкары, Германиянын Гармиш-Партенкирхен шаарындагы АКШнын аскерий Орус институтун ийгиликтүү аяктаган.
1964-жылдан 1967-жылга чейин Түштүк Каролинанын шайлоо тарабында билим берүү долбоорунда иштеп, шайлоочуларды каттоо жана саясий жигердүүлүктү окутуу менен алектенген.
Майлз мырза дипломатиялык кызматка 1967-жылы кирип, Осло, Москва, Белградта, башкы консул болуп Ленинградта (азыркы Санкт-Петербург), жана АКШнын Берлиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп иштеген. Элчи Майлз 1992-1993жылдары Азербайджанда, 1996-1999- жылдары Белградта, 1999 -2002-жылдары Болгарияда жана 2002-жылдын 19-апрелден баштап 2005-жылдын 15-августуна чейин Грузияда элчи болуп кызматтанган.
Ошондой эле, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Советтер Союзу, Чыгыш Европа жана Югославия бөлүмүндө, жана аскерий-саясий бюросунда эмгектенген. 1983-1984-жылдары Америкалык саясий изилдөөлөргө арналган стипендиясынын алкагында сенатор Эрнест Ф. Холлингстин (Түштүк Каролина штаты) астында иштеп, жана 1987-1988-жылдары Гарвард университинин Эл аралык Борборунда окуган.
Майлз мырза 2005-жылдын август айында дипломатиялык кызматынан бошонуп, 2006-жылдын апрелден баштап декарбь айына чейин Конгресстин Борбордук китепканасында жайгашкан Ачык дүйнө Лидерлик борборунда аткаруу директору болуп эмгектенген. 2008-жылдын ноябрында элчи Майлз кайрадан дипломатиялык кызматка чакырылып, Түркменстанга убактылуу ишенимдүү өкүлү болуп дайындалган. 2009-жылдын сентябрында Вашингтонго кайтып келип кайра пенсияга чыккан.
Элчи Майлзга АКШ Мамдепартаментинин Өзгөчө сиңирген эмгектер үчүн сыйлык жана Өзгөчө сиңирген эмгектер үчүн Жогорку деңгээлдеги сыйлыктары (эки жолу) тапшырылган. 1992-жылы АКШ Президентинин Ардак грамотасын жана Өзгөчө көрсөткүчтөр үчүн улуттук премиясын алган. 2004-жылы элчи Майлзка конфликтти тынчтык жолу менен чечүү үчүн Мамдепартаментинин Роберт С. Фрейжер атындагы премиясы ыйгарылган.