Mem Shannon and the Membership Band америкалык блюзду Кыргыз Республикасына алып келет

27-июнь – 3-июль, 2017 – (Бишкек, Кыргыз Республикасы) – Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилиги «Mem Shannon and the Membership Band» америкалык блюз тобунун бир жумалык турнесин өткөрөт. Бул тур Америка Кошмо Штаттарынын эгемендүүлүгүнүн 241 жылдыгына арналган. Бардык концерттер коомчулук үчүн акысыз.

29 июньда «Mem Shannon and the Membership Band» озунун турнесин Бишкек шаарынын «Жеңиш» сейил багында жыл сайынкы Тенгри музыкалдык фестивалында баштайт. Симфониялык оркестр менен бирге сахнага 21:00 дө чыгат.. Андан кийин топ 1-июльда  Ошко келип С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз  драма театрында концертберишет . Концерттин башталышы 17:30да.

«Mem Shannon and the Membership Band» турнесин 2-июльда саат 18:00дө Бишкек Парк соода борборундагы концерт менент аяктайт. Бишкек шаарынын бардык тургундары акысыз концерттерге чакырылат.

Кыргыз республикасында болгон турнесинде «Mem Shannon and the Membership Band» мастер класстар аркылуу жаш музыканттардын жана АКШ элчилиги тарабынан демөөрлөнгөн Access Microscholarship программасынын студенттеринин музыкалык жөндөмдөрүн өнүгүшүнө жардам берет. Мастер-класстар Бишкек жана Ош шаарларындагы Америка борборлорунда өтөт.

Топтун репертуары бул блюз, соул жана фанктын айкалышуусунан турат. «Mem Shannon and the Membership Band» Жаңы Орлеандан болот, жана алардын музыкасынын түп-тамыры  блюз болсо да, ал фанк менен сызылган Жаңы Орлеандык стилинин синкопаланган добушу менен сиңирилген.

Мем Шеннон – 60 жаштагы африкалык-америкалык блюз ырчы жана өзгөчө аткаруу стили менен болгон гитарачы. Мем америкадагы көптөгөн джаз фестивалдарына катышкан, алты альбом чыгарып, ал көп жолу дүйнө жүзү боюнча джаз музыка баюнча кадыр-барктуу сыйлыктарга талапкер болгон.

Ленс Эллис – улуу Чарльз Миллердин чыгармачылыгынын таасири аркылуу өскөн саксофончу.

Эрл Смит – барабанчы жана вокалчы, The Jackson 5 и Bonnie Raitt менен бир сахнаны бөлүшкөн.

Том Уоррелл клавишачы жана аны мульти-инструменталчы деп атаса да болот, себеби ал төрт жашынан фортепиано ойноп баштаган, кийинчерек өзүнүн репертуарына тромбон жана бас гитара кошкон.

Уилл Рефольц – көптөгөн эл аралык сахналарда чыккан бас-гитарист.

Топтун расмий сайты:  http://www.memshannon.com жана топтун Фейсбук социалдык тармагындагагы баракчасы: Mem Shannon and the Membership Band.

Чагылдырууга кызыккан массалык маалымат каражаттар өкүлдөрү АКШ элчилигинин басма сөз кызматына э-почта BishkekPAS@state.gov же 0312 597000, 0770 770299 аркылуу байланышсаңыздар болот.

Иш-чаралардын тартиби:

27-июнь

шейшемби

14:15 – 15:45

Бишкектеги Америка борборунда концерт жана мастер класс

(Огонбаев көч., 242) 

29-июнь

бейшемби

21:30 – 22:30

Тенгри музыкалык фестивалында чыгуу

(Жеңиш сейилбагы)

 30-июнь

жума

 14:00 – 15:00

 Ош шаарындагы Америка борборунда жаш музыканттар үчүн мастер класс

(Курманжан Датка көч., 271)

 1-июль

ишенби

 17:30 – 19:30

 С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз академиялык драма театрында концерт

(Курманжан Датка көч., 162) 

2-июль

жекшемби

18:00 – 19:30

Концерт в тоговом центре Бишкек Парк

(Киев көч., 148)