Flag

An official website of the United States government

MediaHub өкүлү Али Токтакунов АКШнын Мамдепартаментинин коррупцияга каршы күрөш каарманы сыйлыгын алды
Тарабынан
5 МИНУТ ОКУЛДУ
December 8, 2023

8-декабрь, 2023-жыл – АКШнын Мамлекеттик департаменти журналист жана MediaHubдын тең негиздөөчүсү Али (Мухаммедали) Токтакуновду Коррупцияга каршы күрөштүн каарманы” сыйлыгынын лауреаты деп жарыялады. Бул сыйлык коррупциянын алдын алууда, анын бетин ачууда лидерлигин, кайратмандыгын жана таасирин көрсөткөндөргө ыйгарылат. Сыйлыкты Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Токтакунов мырзага жана башка 10 адамга 7-декабрда Вашингтондо тапшырды.  

Башка көптөгөн күчтүү талапкерлер менен ат салышып, Токтакунов мырза Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы баяндамалары жана сөз эркиндигин жактаган көрүнүктүү ишмердиги үчүн сыйлыкка ээ болду.   

Эркин Европа/Азаттык радиосунун мурдагы кабарчысы Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, АКШнын глобалдык Магнитский санкциясына дуушар болгон коррупциялашкан Райымбек Матраимов боюнча бир катар резонанстуу иликтөө иштеринин авторлорунун бири. 2021-жылы Токтакунов мырза өз иликтөөлөрү жана репортаждары аркылуу көз карандысыз журналистиканы өнүктүргөн MediaHub Фондусунун тең негиздөөчүсү болгон.  

Сыйлык тапшыруу аземинде Мамлекеттик катчы Блинкен төмөнкүнү билдирди: «Бүгүнкү бардык сыйлык алгандарга: Сиздин эрдигиңиз, чындыкка, адилеттүүлүккө берилгендигиңиз – бизди баш ийдирет, бизди дагы көп нерсеге шыктандырат жана коррупция менен күрөшүү жана коомду жакшыртуу үчүн жасап жаткан иштери үчүн бүткүл дүйнө боюнча опузалоого жана кол салууга дуушар болгон адвокаттарды, укук коргоочуларды, журналисттерди, мугалимдерди коргоону күчөтүүгө болгон туруктуу күч-аракеттерге ого бетер актуалдуулукту кошот».  

«Элибизде «чындык жеңет» деген керемет сөз жана ишеним бар. Коррупция менен күрөшүү – бул чындык жана адилеттүүлүк үчүн күрөш. Бул сыйлык мафия менен күрөшүүнүн татаал жолунда мени колдогондордун жеңиши. Бул жылы “Коррупцияга каршы күрөштүн каарманы” сыйлыгы 11 өлкөнүн журналисттерине, активисттерине жана өкмөт өкүлдөрүнө ыйгарылды. Алардын катарында болуу – кыргыз элинин уурулукка каршы бирдиктүү экенин, тазалыкка, эркиндикке умтулганын дүйнөгө көрсөтүү», – деди Токтакунов сыйлыкты алып жатып.