Макговерн-Доул “Билим азыгы 2018-2021” долбоору ишин баштады

Кыргыз Республикасынын премьер министринин аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев, Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки жана мектеп билимберүү бөлүмүнүн башчысы  Назгүл Мусаева, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбор азия иштери боюнча директору Скотти Рид, Кыргызстан мектептеринин жүздөгөн мугалимдери жана жетекчилери, жана ошондой эле, аткаруучу уюмдар менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Макговерн-Доул “Билим азыгы 2018-2021” долбоорунун расмий башталыш аземине катышуу үчүн Бишкектеги  Хаятт Ридженси мейманканасында 2018-жылдын 6-февралында чогулушкан. Рид мырза көптөгөн жылдар ичинде Америка жана Кыргызстан элдеринин ортосунда түзүлгөн «терең мамилелерди» белгилеп, Кошмо Штаттары аткарып келген маанилүү ишке жогорку баа берген кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирди. Сөзүн корутундулап, Рид мырза «Кошмо Штаттары кызматташтык менен сыймыктанаарын, жана Кыргызстандын жаш жарандары келечекте ийгиликке жетүү үчүн керек болгон заттар менен камсыз болуп жатканын, камсыздоону каалап келгенин ырастады».

Бул долбоор Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин мектептеги тамактануу долбоорун колдоого жана аны өркүндөтүүгө багытталган. Долбоордун жүзөгө ашыруучусу Мерсико —  байытылган ун, А витамини бар өсүмдүк май, буурчак жана күрүч менен камсыздап – ошондой эле, мектептердин ашканалары менен инстраструктурасын, анын ичинде мектептерге түздөн-түз заманбап жабдыктарды орнотууга гранттарды бөлүп берет. Мындан тышкары, мектеп кызматкерлери, анын ичинде ашпозчулар, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү семинар жана окуу долбоорлоруна катышат.

МакГоверн-Доул долбоору, Америка Кошмо Штаттарынын элинин ак дил жардамына негизделип, ал АКШнын Айыл чарба министрлиги  (АЧМ) аркылуу жеткирилет.

Мерсиконун директору Умамат Кандалаева өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирип, «жаңы долбоордун ишке кириши донор — АКШнын Айыл чарба министрлигинин (АЧМ) колдоосунун, жана бардык өнөктөштөрдүн биргелешкен аракеттеринен улам жүзөгө ашырылып баштаганын» баса белгиледи.

Макговерн-Доул “Билим азыгы жана балдарды тамактандыруу” долбоору 2012 жылдан тарта, Кыргыз Республикасынын  154 мектеби жана 481 бала бакчаларындагы, 32 000ден ашуун окуучулар менен 50 000 балдарды, 55 миллиондон ашуун ысык тамак, 2000 тоннадан ашуун азык-түлүк менен камсыздаган. Долбоордун 2018-2021-жылдарга каралган бюджети 20 миллиондон ашуун долларды түзөт.