“Мэйкэр Спэйс” илимий жармаңкеси жаштарды билим, илим жана карьераны тандоого шыктандырат

2017-жылдын 26-сентябрында, саат 11:00дө АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы менен биргеликте “Мэйкэр Спэйс” илимий лабораториясынын жармаңкесин Америка Борборунда баштайт. “Мэйкэр Спэйс” кыймылы – илим, технология, инновация менен математиканы билдирет. Ал кол өнөрчүлүк, ойлоп табуу, роботехниканы түзүү, тажрыйба жана 3D басып чыгаруунун кошулмасы.

“Мэйкэр Спэйс” илимий жармаңкеси 26-27-сентябрда Америка Борборунда жаштардын гана эмес, түрдүү жаштагы көрөрмандардын катышуусунда өтөт. Катышуучулар иш жүзүндө “Мэйкэр Спэйс” илимий лабораториясын сынап көрүүгө жана 3D басып чыгаруу, робототехника, элетрониканын жардамы менен аткарылуучу тажрыйбалар, түзмөктөр жана башка илимий материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүгү болот.

Жармаңкенин кийинки бөлүмүндө студенттер менен АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин техникалык ишкерлик боюнча алмашуу программасынын беш бүтүрүүнүн ортосунда интерактив уюштурулат. Бүтүрүүчүлөр АКШнын илимий лабораторияларынан жана машина куруучу ишканаларынан көрүп билген тажрыйбасы менен бөлүшүшөт. Бул иш чара Кыргызстандагы жаш лидерлердин, келечек муундун, өзгөчө кыз-келиндердин карьера жасоодо так илимдер тармагын тандоого кызыгуусун арттырат.

Жармаңкенин эң жаш катышуучулары үчүн  Андреа Бетинин АКШ элчилигинин жергиликтүү басып чыгаруучулар менен биргеликте кыргыз тилине которулган “Инженер Роза Ривера” жана “Архитектор Игги Пек” чыгармаларын окуп берүү мерчемделүүдө. Китептерди которуу программасы жаштарды китеп окууга чакыруу жана жергиликтүү басмаканалар тармагын колдоо максатында 150 000дөн ашуун чыгарманы кыргызчалаган. Которулган китептер жети Америка борборлоруна, мектептерге жана айылдык китепканаларга таркатылган.

Бишкектеги Америка борборунун координаторлору Джалал-Абад, Кант, Каракол, Нарын, Ош жана Талас шаарларындагы Америка борборлорунда “Мэйкэр Спэйс” илимий лабораториясынын көчмө жармаңкелерин өткөрүшөт. Көчмө сапар аяктаган соң, “Мэйкэр Спэйстин” техника каражаттары менен буюмдары Бишкектеги Америка борборунда калтырылат. Бул программа экономикалык өнүгүү максаттарын колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн түзүлүп, так илимдер жаатындагы билим системасын күчтөндүрөт.

Жармаңке «Америка борборлору» программасы алкагында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан колдоого алынат. Жармаңкенин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери, Чүй областынын жана Бишкек шаарынын орто мектептеринин окуучулары, китепканачылар жана бардык каалоочулар катыша алышат.

Кошумча маалымат алуу үчүн BishkekPAS@state.gov электрондук дареги аркылуу АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Коомчулук менен байланыш бөлүмүнө кайрылыңыз.