2019-жылдын 15-ноябрында, саат 11:00дө АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги К.Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы менен биргеликте жаңыланган “Мэйкер Спэйс” изилдөө жана билим берүү лабораторияны жана Бишкектеги Америка Борборундагы илимий жармаңкени салтанаттуу түрдө ачат.
Лабораториянын ачылуу аземи Бишкектеги Америка Борборунда өтүүчү Улуттук илимий-техникалык фестивалынын финалына арналат. Аталган фестивалдар сентябрь айынан тарта өлкөбүздүн жети аймагында жайгашкан Америка Борборлорунда өткөрүлүп келген. Ар бир облусттан мыкты деп аталган үч жаш ойлоп табуучу бул ирет Бишкектеги жармаңкеде таймашат.
Бул иш-чарада балдар жана жаштар үчүн гана эмес, түрдүү жаштагы көрөрмандар үчүн ар түрдүү программалар алпарылат. Жаштар желимди кайра иштетүү, дизайн, робототехника жана башка илимий материалдар менен мастер класстарда иш жүзүндө тааныша алышат. Мастер класстардын биринде Кыргызстандагы АКШ элчилигинин Китептерди которуу программасы тарабынан кыргызчаланган илим жана техника темасындагы китеп окуулар уюштурулат. Жаштарды китеп окууга чакыруу жана жергиликтүү басмаканалар тармагын колдоо максатында 50 чыгарма кыргыз тилине которулуп, 123 250дөн ашуун экземпляр басып чыгарылган. Бул китептер жети Америка борбору, жергиликтүү мектептер жана айылдык китепканалар арасында бөлүштүрүлөт.
Жармаңкенин алкагында АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Илим жана Техника боюнча алмашуу программасынын бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуулар уюштурулат. Алар АКШдагы илимий лабораторияларда жана машина куруучу ишканаларда көргөн, таанышкан тажрыйбасын катышуучулар менен бөлүшүшөт. Бул иш-чара өтүп жаткан китепкананын биринчи кабатында Бишкектин илимий-техникалык компаниялары өз ойлоп табуулары жана продукциялары менен тааныштырат.
Аталган иш-чарага жаштар, орто мектептердин окуучулары жана студенттер, Кыргызстандын булуң бурчунан келген жаш ойлоп табуучулар, АКШнын алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү жана бардык каалоочулар катыша алат. Жармаңкенин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери жана шаардын тургундары катышат.
“Мэйкэр Спэйс” кыймылы 2005-жылы АКШнын Калифорния штатында башталган. Мэйкэр Спэйс – бул окуп үйрөнүү максатында чогулган аудиторияга илим жана техника тууралуу тажрыйбаларын жана идеяларын алмашуусуна ыңгайлаштырылган иш чөйрө. Бул – илим, технология, инновация менен математиканын кошулмасы.
Бишкектеги “Мэйкэр Спэйс” лабораториясы 160 м2 аянтында жайгашкан, керектүү электрондук шаймандар менен жабдылган жай. Бул жакка келгендер 3D басып чыгарууну, робототехниканы, элетрониканын жардамы менен аткарылуучу илимий тажрыйбаларды иш жүзүндө үйрөнө алат. Ошондой эле, бул жерде код жазуу, робототехника жана ширетүү боюнча илимий семинарлар уюштурулуп турат.
Иш-чараны чагылдырууга кызыккан ММК өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-кызматы менен BishkekPAS@state.gov дареги же 0312 597000, 0770 770299 телефон номурлары аркылуу байланыша алат.
Иш-чаранын бардык семинарлары жана мастер-класстарына катышуу акысыз.
Иш чаранын программасы:
Show Room 11:00-11:30 Лента кесүү жана салтанаттуу ачылыш аземи
Китепкананын бардык бөлүмдөрүндө
11:30-12:00 Иш чаранын программасы, презентациялары жана мастер-класстары тууралуу экскурсия
Китепкананын фойеси 12:00-15:00 Илим жана техника тармагында иштеген уюмдардын жана ойлоп табуучулардын жармаңкеси
Arts Room 12:00-15:00 “Алтын Түйүн” балдар борборунун ийримдери: Кум менен колдонуу чеберчилиги, оригами ж.б.
Америка Борбору 12:00-13:00 Илим жана техника улуттук фестивалынын финалы (21 аймактардан келген жеңүүчүлөр)
Америка Борбору 13:00-13:40 Мейкер, илим жана техника тармагынын алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү менен маектешүү
Америка Борбору 14:00-15:30 Технологиялар жаатында алмашуу программасынын бүтүрүүчүлөрүнүн презентациясы
Workshop Room 13:00-14:00 Python программалоо боюнча Women Techmakers командасынын мастер-классы
Maker Space 13:00-14:00 Arduino боюнча Satellite Girls-тун мастер-класстары
Theater Room 13:00-14:00 Рабаят театрынын кыргыз тилиндеги “Жапайылар мекенинде” пьесасы (Кыргызстандагы АКШ элчилигинин Китеп котормолор программасы)
Workshop Room 14:00-15:00 Scratch программалоо боюнча Code Generation-ден мастер-класстар
Maker Space 14:00-15:00 Lego куруу боюнча Liga Robotov мастер-классы
Workshop Room 13:00-15:00 Мастер-класстар: “Колдонулган желим бөтөлкөлөрүнө жана журналдарга экинчи жашоо беребиз”; Кофенин калдыктарынан чыгармачылык жана төөнөч жасоо устаканасы.
Kiteplandia 13:00-15:00 Илим, техника жана айлана-чөйрө темасындагы Кыргызстандагы АКШ элчилигинин Китеп Котормолору Программасы менен кыргыз тилине которулган китептерди окуу
Showroom 12:00-15:00 ДНК академиясынын илимий тажрыйбалары
Showroom 15:00-16:00 Роботтордун таймашы
Америка Борбору 15:30-16:30 Neobis Club ментордук клубунун “Программалоодогу биринчи кадамдар” тууралуу мастер-классы
Китепкананын фойеси 16:00-16:30 Иш-чаранын жыйынтыкталышы