АКШ элчилиги “I Love English 2016” видео сынагынын сыйлык берүү аземин 2016-жылдын 12-февралында саат 12:00дө, Бишкектеги Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында жайгашкан Америка Борборунда өткөрөт. АКШнын Элчиси Шейла Гуолтни, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мектеп директорлору жана АКШ алмашуу программалардын бүтүрүүчүлөрү аземге катышышат.
2015-жылдын 25-декабрдан баштап 2016-жылдын 5-февралга чейин Кыргызстандын ар бир аймагындагы англис тилдин окуучулары бир жүздөн ашык кыска тасмаларын Фейсбуктагы “I Love English” баракчасында тартуулашкан. Фильм чыгаруучу жана маалымдоо каражаттардын адистери үч категориядагы жеңүүчүлөрдү тандап чыккан: эң күлкүлүү, эң романтикалуу жана эң оригиналдуу. Фейсбук баракчасында баарынан көп “лайктарды” топтогон видео Гран принин ээси болуп дайындалды.
I love English 2016 видео сынактын жеңичүүлөрүн сыйлоо аземи Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси жана АКШ элчилигинин колдоосу менен 8-12 февралда өтуп жаткан “Англис тил жумалыгынын” жыйынтыктайт. Жумалыктын алкагында АКШнын алмашуу программалардын катышуучулары, элчиликтин дипломаттары жана Тыкчтык Корпусунун волонтерлору Кыргызстандагы орто мектептерге барып, “Америка ырлары” жана плакат сынактарына, башка англис тилин окутуу иш-чараларына катышышты.
Сыйлык берүү же “Англис тил жумалыгынын” иш-чараларын чагылдырууга кызыккан жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү кошумча маалымат алуу үчүн төмөнку даарек менен кайрылса болот: Туратбек Макенбаев, Асыл Турсунбекова.