I Love English 2017 видео сынагынын сыйлык берүү аземи

Кыргыз Республикасынын АКШ элчилиги “I Love English Video Contest 2017” видео сынагынын сыйлык берүү аземин 2017-жылдын 14-февралында саат 14:00дө, Бишкектеги Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында жайгашкан Америка Борборунда өткөрөт.

Сынак 2016-жылдын 19-декабрынан 2017-жылдын 23- январына чейин өткөрүлдү. Англис тилинин үйрөнүүчүлөрү  үч жүзгө жакын кыска тасмаларын Фейсбуктагы “I Love English” баракчасына тартуулашкан. Фильм чыгаруучу жана маалымдоо каражаттарынын адистери менен АКШ элчилигинин өкүлдөрү үч категорияда жеңүүчүлөрдү тандашты: эң күлкүлүү, эң романтикалуу жана эң оригиналдуу.  Фейсбук баракчасында баарынан көп “лайктарды”, ой-пикирлерди, жарыялоону жана комментарийлерди топтогон видео Гран принин ээси болуп дайындалды.

“I Love English Video Contest 2017” видео сынагынын сыйлык берүү аземинин учурунда 2016 – жылдын 20 – декабрынан 2017 – жылдын 22- январына чейин өткөрүлгөн Сабактын Мыкты План-конспектиси аттуу сынакты жеңген үч англис тил  мугалимдеринин ысымдары дагы аталат. Орто мектептердин кырк англис тил мугалимдери окуучуларды Америка маданияты менен тааныштырган жана англис тилин эл аралык баарлашуу тил катары белгилеген сабактын оригиналдуу план-конспектилерин карап чыгууга тапшырышкан. Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын, англис тил мугалимдеринин Форум Ассоциациясынын жана АКШ элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия сабактардын план-конспектилерин карап чыгышты.

“I love English Video Contest 2017” видео сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 7-14 – февралда өтүп жаткан “Англис тил жумалыгын” жыйынтыктайт. Бул жумалык Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси жана АКШ элчилигинин колдоосу менен жана «Лингва» англис тил мектеби тарабынан ишке ашырылды. “Америка ырлары” сынактары, викториналар, дебаттар, плакат сынактары, кесиптик өнүктүрүү боюнча окуу программалары АКШнын алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрүнүн, АКШ элчилигинин дипломаттарынын жана Тынчтык Корпусунун волонтерлорунун катышуусу менен өткөрүлгөн ар кандай интерактивдүү иш-чаралар Кыргызстан боюнча орто мектептерде өткөрүлдү жана өткөрүлүп келүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, мектеп директорлору жана АКШ алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү сыйлык беруу аземине катышышат.