I Love English 2017 видео сынагы: сынактын расмий шарттары жана эрежелери

Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин колдоосу менен “Лингва” англис тили мектеби  «I Love English 2017» видео сынагын жарыялайт. Көптөгөн таланттуу адамдар ар түрдүү чыгармачыл видеолору менен 2016-жылдын сынагына катышышкан. Бул жылы да сиздердин жаңы идеяларыңызды чыдамсыздык менен күтөбүз!

Бул сынакка катышуучулар «I Love English because…» деген сүйлөмдүн мазмунун оозеки, жазуу, же кандайдыр бир башка жолдор менен жеткирилген видеоролик тартып, тартуулашы зарыл. Узактыгы 30 секундага чейинки видеолор төмөнкү үч категориянын бирине таандык болушу керек:

  • Күлкүлүү (FUNNY)
  • Романтикалуу (ROMANTIC)
  • Ѳзгѳчѳ оригиналдуу (ORIGINAL)

Сынак мөөнттөрү: Сынак  2016-жылдын  19-декабрында саат 8:00дө ачылып,  2017-жылдын 23-январында саат 9:00дө жабылат.  Сынактын жеңүүчүлөрү  I Love English Facebook баракчасында 2017-жылдын 6-февралында жарыяланмакчы.

Сынакка катышуу үчүн видеоңуздун категориясын тандап (FUNNY, ROMANTIC, ORIGINAL), ага кыскача (50 белгиге чейин) аталыш/баяндама берип, ileproject.kyrgyzstan@gmail.com электрондук дарегине жиберүүңүз  зарыл. Андан тышкары, видеоңуз менен чогуу аты-жөнүңүздү, телефон номуруңузду жана  электрондук дарегиңизди жиберүүңүз зарыл. Сиз маалыматты жибергениңиз менен, бул видео сынактын эреже шарттары менен макул болгонуңузду тастыктайсыз.

Видеого коюлуучу талаптар:Видеонун максималдуу узактыгы 30 секунда, минималдуу тактыгы же дааналыгы (разрешение) 720pх же андан жогору болсо болот. Сиз бир нече видео жөнөтсөңүз болот, бирок ар бир видеоңуз өзгөчөлөнүп, бири-биринен айырмаланып турушу керек.

Видеолор 2017-жылдын 23-январында таңкы саат 9:00гө чейин кабыл алынат. Видео жүктөлгөндөн кийин аны кайта оңдоого мүмкүн эмес.    

Интеллектуалдык менчик: Видео роликти электрондук дарекке жөнөткөнү менен сынак катышуучулары бул видео роликтерге өздөрунун автордук укуктарын жана, керек учурда, видео роликтин кайсыл бир бөлүгүндө  башка бирөөнүн видеосун колдонууга макулдугун  алганын тастыкташат.

Видео роликтерди сыноо:Кыргыз жана америкалык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия видео роликтерди карап чыгып төмөнкү критерийлер боюнча сынга алат:

  • Креативдүүлүк
  • Сапаты
  • Жалпысынан таасирдүүлүгү

Жеңүүчүлөр 3 номинацияда каралат. Facebookтагы баракчада эң көп сүймөнчулүккө, көрүүлөргө жана ой-пикирлерге ээ болгон видео баш байгени алат.

Байгелер:

Баш байге: iPad Air 2 128 Gb Wi-Fi + Cellular

Категориялар боюнча байгелер:     

Романтикалуу:iPhone 6 128 gb

Күлкүлүү:iPhone 6 128 gb

Оригиналдуу: iPhone 6 128 gb

Жеңүүчүлөр Бишкекте өтө турган белектерди ыйгаруу аземине катышууга милдеттүү. Башкы белектерге кошумча, сынактын жеңүүчүлөрү сертификатка ээ болушат.

Сынактын жыйынтыктарын кабарлоо: Сынактын  жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери жеңиши тууралуу 2 күн ичинде электрондук даректеринен же телефондорунан кабардар болушат. Эгерде ал 2 жумуш күн ичинде алган байгесин аныктабаса,  байгеси жобо боюнча башкага өтөт.

Сынактын шарттары: «I Love  English 2017» видео сынагына учурда Кыргызстанда жашап жаткан жарандар гана катыша алат. Кыргызстандагы АКШ элчилигинде иштегендер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү  (күйөө, жубай, ата-эне, бир-тууган, анын күйөөсү же жубайы жана балдары) сынакка катыша алышпайт.

Атайын компьютердик программа же башка жасалмаланган жол менен добуш топтогон сынак катышуучусу сынактан четтетилет. Ошондой эле, башка катышуучуларга же сынактын ээлерине карата тура эмес, орой мамиле жасаган сынак катышуучулары сынактан четтетилет.

«I Love English 2017» видео сынагынын жаңылыктары менен кабардар болуш учун, бул  шилтеме www.facebook.com/ILoveEnglishDay аркылуу Facebook баракчасына жазылыңыз! Сынакка байланыштуу болгон жаңылыктарды, сүрөттөрдү жана видеороликтерди алып турасыз.  Биз күнүгө сиздерди болуп жаткан акыркы жаңылыктар менен кабардар кылабыз!