I Love English видео сынагы 2016. Сынактын расмий тартип эрежелери, талаптары жана шарттары

Кыргызстандагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги  “I Love English 2016”  видео сынагын жарыялайт!

Бул сынакка катышуучулар «I Love English»  деген сүйлөмүн катыштырып, видео ролик тартып тартуулап берүү керек. «I Love English» сүйлөмүнүн мазмуну оозеки, жазуу, же кандайдыр бир башка жолдор менен жеткирилсе болот. Узактыгы 30 секундага чейинки видеолор төмөнкү үч категориянын бирине таандык болушу керек:

  • ЭҢ КҮЛКҮЛҮҮ
  • ЭҢ РОМАНТИКАЛУУ
  • ӨЗГӨЧӨ ОРИГИНАЛДУУ

Сынак мөөнөттөрү: Сынак 2015-жылдын 25-декабрында саат 8:00 ачылып, 2016-жылдын 5-февралында саат 9:00 жабылат.  Сынактын жеңүүчүлөрү Кыргызстандагы АКШ элчилигинин Facebook баракчасында 2016 жылы 12-февралында жарыяланмакчы.

Сынакка катышуу жолу: Бул сынакка катышуу үчүн биздин  Facebookтагы баракчабызга кирип, видеоңузду жүктөңүз.

Видеоңузду жүктөөдө атыңызды жазып,  анын категориясын тандап (күлкүлүүгө: FUNNY; романтикалууга: ROMANTIC; оригиналдууга: ORIGINAL), видеоңузга кыскача аталыш/баяндама беришиңиз зарыл (50 белгиге чейин).

Андан тышкары сиз аты-жөнүңүздү, телефон номуруңузду жана электрондук дарегиңизди биздин электрондук  даректерибизге (BishkekPAS@state.gov же anna_fatneva@hotmail.com)  жиберүүңүз зарыл. Сиз маалыматты жибергениңиз менен, бул видео сынактын эреже шарттары менен макул болгонуңузду тастыктайсыз.

Видеого коюлуучу техникалык талаптар:

Видеонун максималдуу узактыгы 30 секунда, минималдуу тактыгы же дааналыгы (resolution) 480p болуш керек. Сиз бир нече видео жүктөсөңүз болот, бирок ар бир видеоңуз өзгөчөлөнүп, бири-биринен айырмаланып турушу керек.  Видеолор 2016-жылдын 5-февралында саат 9:00 чейин кабыл алынат. Видео жүктөлгөндөн кийин кайта аны оңдоого мүмкүн эмес.

Интеллектуалдык менчик: Видеороликти сынакка жүктөгөн соң, сынак катышуучулары бул видеороликтерге өздөрунун автордук укугунун бар болгондугун белгилешип, керек учурда видеороликтин кайсыл бөлугунө болбосун өз укуктарын коё алышат.

Видеороликтерди сыноо критерийлери:

Кыргызстандык жана АКШлык медиа жана видео тарабындагы адистерден түзүлгөн калстардын тобу видеороликтерди карап чыгып төмөнкү критерийлер боюнча сынга алат:

  • Креативдүүлүк
  • Сапаты
  • Жалпысынан таасирдүүлүгү

Жеңүүчүлөр 3 номинацияда каралат. Facebookтагы баракчада эң көп сүймөнчулүккө, көрүүлөргө жана ой-пикирлерге ээ болгон видео баш байгени алат.

БАЙГЕЛЕР:

Баш байгеiPad Air 2 128 Gb Wi-Fi + Cellular

Категориялар боюнча байгелер:

Эң романтикалуу

  1. iPhone 6 128 Gb
  2. Prego ресторанында бизнес-ланч /эртең мененки тамак
  3. Sierra Coffee кафесинде бизнес-ланч /эртең мененки тамак

Эң күлкүлүү

  1. iPhone 6 128 Gb
  2. Prego ресторанында бизнес-ланч /эртең мененки тамак
  3. Sierra Coffee кафесинде бизнес-ланч /эртең мененки тамак

Эң оригиналдуу

  1. iPhone 6 128 Gb
  2. Americano Café ресторанында бизнес-ланч /эртең мененки тамак
  3. Sierra Coffee кафесинде бизнес-ланч /эртең мененки тамак

Жеңүүчүлөр 2016-жылы 12-февралда Бишкекте өтө турган белектерди ыйгаруу аземине катышышы керек.  Баш байгенин ээси жана ар бир номинациянын жеңүүчүлөрү белек жана сертификатка ээ болот.

Сынактын жыйынтыктарын кабарлоо: Сынактын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери жеңиши тууралуу 2 күн ичинде электрондук даректеринен же телефондорунан кабардар болушат. Эгерде ал 2 жумуш күн ичинде алган байгесин аныктабаса, байгеси жобо боюнча башкага өтөт.

Сынактын шарттары: «I Love English 2016» видео сынакка Кыргызстанда жашап жаткан жарандар гана катыша алат. Кыргызстандагы АКШ элчилигинде иштегендер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү (жубайлары, ата-энелери, балдары, бир туугандары жана алардын жубайлары) сынакка катыша алышпайт.  Эгерде финалисттин/жеңүүчүнүн жогорудагы шарттарга жооп бербегени же коюлган эрежелерди бузганы аныкталган болсо, анын байгеси башка катышуучуга ыйгарылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын жасалма жолу менен өзөртүүгө багытталган атайын компьтердик программа же башка ыкмаларды колдонгонго шектүү катышуучу сынактан чектетилет.  Ошондой эле, сынактын башка катышуучуларга же уюштуруучуларга кордогон мамиле кылган адам сынактан чектетилет.

“I Love English 2016» видео сынагынын жаңылыктары менен кабардар болуш учун, бул шилтеме аркылуу Facebook баракчасынынын жаңылыктарына жазылыңыз! Сынакка байланыштуу болгон жаңылыктарды, сүрөттөрдү жана видеороликтерди алып турасыз. Биз күнүгө сиздерди болуп жаткан акыркы жаңылыктар менен кабардар кылабыз!