Дүйнө жана олимпиялык оюндардын чемпиону Лорри Фэйр “2015 Кыздар футбол фестивалына” кытышууда

Биргелешип чыгарган пресс-релиз: АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук футбол ассоциациясы.

Июль айында Канададагы Ванкувер шаарында өтө турган аялдардын дүйнөлүк футбол чемпионатынын алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук футбол федерациясы АКШ Элчилиги менен бирге “2015 Кыздар футбол фестивалды” уюштурууда.  Фестивалга Бишкек, Чүй облусу, Ош, Жалалабат жана Таластан келген жүз элүү футболист кыз катышат.

Иш чаралар 20-21-июнда Кыргыз Улуттук футбол федерациясынын Футбол борборунда өтөт.  Фестивалдын конок жылдызы – Лорри Фэйр – АКШнын аял курама тобунун мурдагы мүчөсү, өмүрүн социалдык өнүгүү, адам укуктарын жана билим берүүнү алдыга жылдыруу, расизм менен күрөшүү жана аялдардын укуктары менен мумкунчүлүктөрүн кеңейтүүгө арнаган 2000-жылкы Олимпиялык оюндардын күмүш жана 2004-жылкы Олимпиялык оюндардын алтын медалдардын ээси, 1999-жылкы дүйнө чемпиону.  Профессионал катары Лорри Фэйр АКШдагы “Филадельфия Чарж”, Франциядагы “Олимпик Лион” жана Улуу Британиядагы “Челси” командаларында жарым коргоочу болуп ойногон.

Азыркы кезде Лорри Фэйр Африкадагы Шарлиз Терон фондусунун эл агартуу программалардын жетекчиси.  Фонд африкалык жаштарга ВИЧ-инфекциядан сактанууга жардам берет.  Лорри АКШ Мамлекеттик департаментинин «Спорттун элчилери» программасынын активдүү катышуучусу.  Бул программа боюнча Лорри аялдардын жана кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү макстатында Марокко, Парагвай, Алжир, Венесуэла, Ооганстан, Ирак жана Бирма өлкөлөрүнө барган.

Фестивалдын алкагына төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:

  • 21-июнь, саат 9:00-13:00-чейин: Кырздар футбол фестивалы (беш команда катышат)
  • 22-июнь, саат 9:30-11:00-чейин: Футбол федерациясынын командасы менен (Бишкек) Абдыш-Ата (Кант) командаларын достук оюну.

Футбол фестивалына келип биз менен чогу сонун оюнду көрүңүздөр!