Логотип сынагы – Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелердин 25 жылдыгын белгилөө

Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги кыргыз-америка эки тараптык мамилесинин 25 жылдыгын белгилөө үчүн логотип сынагын жарыялайт.  Катышуучулар Кыргызстан менен АКШнын ортосунда узак турган достукту жана өнөктөштүктү  чагылдырган кызыктуу жана баяндоочу графикалык логотибин иштеп чыгууга чакырылат.  Жеңип алган дизайн эки тараптуу мамиленин 25 жылдыгына арналган расмий жана маданий иш-чараларын алып барууда колдонула турган плакат, стенд, көргөзмөлөдө, видеолордо, ошондой эле таратып  берилүүчү материалдарга  (футболка, кружка, калем ж.б.у.с.) коюла турган расмий логотип катары колдонулат.  Сынактын демөөрчүлөрү – АКШ элчилиги жана АКШнын Мамлекеттик департаменти.

Табыштамаларды сыноодо,  эксперттер тобу алардын АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүгү жөнүндө оң пикир түзүүдө эффективдүүлүгүнүн жана жагымдуулугунун денгээлин эске алышат.  Тандоо тобу сунуштардын идеясын, чыгармачылыгын, оригиналдуулугун, актуалдуулугун, теманын ачылышын, эстетикалык  жана дизайндык сапатын карайт.   Катышуучулар үч логотип үлгүсүн тапшыра алат.  Сунушталган логотип плакатта же жарнамалык буюмдарда көрүнүшүнүн сүрөтүн кошо тапшырса болот.

Байгелер:

  1. орун: MacBook Air
  2. орун: Ipad Mini

Сынактын расмий эрежелери

Кантип катышса болот:

  • Табыштамалар 2016-жылдын 15-апрели, саат 17:00-чейин тапшырылышы зарыл.  АКШ элчилиги керек болгон учурда сынак мөөнөтүн узартууга укуктуу.  АКШ элчилиги жоголуп кеткен же толугу менен тапшырылбай калган табыштамалар үчүн жооп тартпайт.
  • Табыштамалар электрондук почта аркылуу гана BishkekPAS@state.gov дарегине жөнөтүлүшү керек. Темасы “Logo Contest” деп аталып, каттын өзүндө катышуучунун аты-жөнү, телефон номурлары жана электрондук дареги жазылышы керек.
  • Ар бир катышуучу үчтөн ашуун эмес табыштама тапшыра алат жана анын ар бирөөсү дизайндын кыскача сүрөттөлүшү  менен коштолушу зарыл.

Ким катыша алат:

  • Сынакка жашы 18ден жогору болгон Кыргыз Республикасында жашаган Кыргызстандын жарандары катыша алат.
  • Табыштаманы тапшырган жеке адам гана сынактын катышуучусу болуп эсептелет жана байге алууга атаандаша алат.  Уюмдардын байгеге атаандашууга акысы жок.
  • АКШ өкмөтүндө иштеген же практика өтүп жаткан адамдар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү сынакка катыша албайт.

Техникалык жана мазмуну шарттары:

  • Логотип АКШ-Кыргызстан эки тараптуу мамилесинин 25-жылдык мааракесине карата «25» деген санды камтууга тийиш.
  • Табыштамалар булагы компресстелбеген  (Uncompressed), накта  вектордук графика форматында чыгарылган жогорку чечиминдеги (high-resolution) түстүү “image” файл түрүндө тапшырылышы зарыл.  Атаандаштар ар бир логотибин жана ага колдоо катары плакатта же башка жарнама буюмдарда көрүнүшүнүн сүрөттөрүн бир электрондук кат менен жөнөтүүcү зарыл.  Ар бир каттын көлөмү 10 мегабайттан ашпаш керек.
  • Тапшырылган материал оригиналдуу, атандашуучу өзү чыгарган,  ким бирөөнүн автордук укугун же кайсы бир үчүнчү тараптын интеллектуалдык же мүлктүк укугун бузбаган болушу шарт.
  • Табыштамалар жергиликтүү мыйзамдарга ылайык келүүсү зарыл, алардын мазмуну жана камтыган сүрөттөрү сынактын демөөрчүлөрүнүн,  же кандайдыр бир топтордун, жеке адамдардын, же мекемелердин тарабынан басынткан, орой, зөөкүр, каралоо же сыйлабастык катары кабыл алынбай турган болуусу шарт.

Жеңүүчүлөрдү тандоо просцесси:

  • Жеңүүчүлөр кабар алгандан кийин үч календардык күндүн ичинде байгени ала турганыдыгын тастыктап жооп беүүсү керек. Аталган мөөнөттүн ичинде байгени алуу кабары алынбай калган учурда, АКШ элчилиги кийинки жеңүүчүнү тандоого укугун сактайт.
  • Элчилик байгелерди тапшыруу жолдорун жеңүүчүлөр менен макулдашат.  Жеңүүчүлөр элчиликке келип байгени өзүлөрү алып кетүүлөрү зарыл болуп калышы ыктымал.
  • Ар бир жеңүүчү укуктуулугу, жоопкерчиликтен бошотуусу жана коомдук ачыктыкка чыгуусуна макулдуугун билдирүү кагазына кол коюшу, о.э. өзүнүн кыскача өмүр баянын жазып берүүсү шарт, болбосо байгени ала албай турган болуп калат.
  • Жеңүүчүлөр же финалисттер чыныгы аттарынын ордуна жасалма ат колдонууга жана башка аныктоочу маалыматты купуя сактоого талап кыла алат.
  • Жеңген катышуучулар логотиптин жана аны менен бирге тапшырылган колдоо материалдардын бардык интеллектуалдык менчик укуктарын жана логотиптин менчик укуктарын сынактын демөөрчүлөрүнө тапшырышат.

Социалдык тармактар:

  • Бул сынакка тиешелүү иш-чаралар түрлүү социалдык тармактардын платформаларында, анын ичинде Facebook менен Twitter-де жарыялана алат, бирок сынактын өзүнө катышуу жана сынакты тейлөө маселелер электрондук почта аркылуу гана жүргүзүлөт.
  • Сынактын жеңүүчүлөрү социалдык тармактарда жарыялынышы мүмкүн, бирок Facebook жана башка социалдык тармактар бул сынактын өнөктөштөрү же демөөрчүлөрү болуп эсептелбейт.

Катышуучулардын жана сынактын уюштуруучулардын укугу жана жоопкерчиликтери жөнүндө бул шилтемеден окуңуздар.