Президент Байдендин БУУнун Башкы катчысы Улуу, Урматтуу Гутеррешке жазган каты

Photo Credits: AP Images

21-январь, 2021-жыл

Улуу Урматтуу

Антониу Гутерриш мырза

Генералдык катчы

Бириккен Улуттар Уюму

Нью-Йорк

Урматтуу Гутерриш мырза:

Бул кат Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-июлундагы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДСУ) чыгууну көздөп жаткандыгын жарыялаган, 2021-жылдын 6-июлунда жөнөтүлгөн каттан баш тартуусун билдирет. АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мүчөсү бойдон калууга ниеттенүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо жана ден-соолук коопсуздугуна коркунуч туудурган COVID-19 пандемиясына каршы дүйнөдөгү күрөштө ДСУ чечүүчү ролду ойнойт. Америка Кошмо Штаттары мындай коркунучтарга каршы туруунун жана глобалдык саламаттык жана саламаттыкты сактоо коопсуздугун алга жылдыруунун толук кандуу катышуучусу жана глобалдык лидери болуп кала берет.

Улуу урматтуу мырза, менин терең урматтоомду кабыл алыңыз.

Жозеф Байден