Flag

An official website of the United States government

Экологиялык билим берүү боюнча кыргыз тилиндеги «Теребел» санариптик платформасы ишке кирди
Тарабынан
1 МИНУТ ОКУЛДУ
October 18, 2023

Экологиялык билим берүү боюнча кыргыз тилиндеги «Теребел» санариптик платформасы ишке кирди

2023-жылдын 17-октябры, Бишкек: Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык китепканасында балдар үчүн кыргыз тилиндеги окуу материалдардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында «Таалим форум» коомдук фонду иштеп чыккан экологиялык билим берүү боюнча кыргыз тилиндеги «Теребел» – санариптик платформасы расмий түрдө ишке киргизилди. Долбоор АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Китептерди которуу программасынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектептеринин мугалимдери жана окуучулары, ошондой эле АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, республикалык экология, география жана туризм институтунун өкүлдөрү, ошондой эле республиканын ар кайсы аймактарында эко-билим берүү тармагында иш алып барган өнөктөш коомдук уюмдар катышышты.

«Теребел» – интерактивдүү веб-сайт жана мектеп окуучулары, мугалимдер жана экология жана эко-билимге кызыккандардын бардыгына билим бере турган булак. Теребел аркылуу колдонуучулар кыргыз тилинде экологиялык билимдерди жана жер таануу боюнча кеңири маалыматтарды алышат. Платформадагы материалдар кыргыз тилине которулуп, жарык көргөн китептердин негизинде иштелип чыкты: “Балдар үчүн экология жөнүндө китеп” жана “Балдар үчүн жаратылыш жөнүндө китеп”, ошондой эле кошумча ресурстар, анын ичинде мугалимдерге арналган “Мектепте этно-экология боюнча билим берүү” методикалык колдонмосунан жана Э. Шүкүровдун «Кыргызстандын жапайы жаратылышы» китептери орун алган.

«Жер байлыгы — эл байлыгы»- деген кыргыз элинин макалы бар. Бул которулган китептер жаш кыргызстандыктарга кыргыз тилинде айлана-чөйрөнү үйрөнүүгө жардам берет жана биздин планетанын келечеги үчүн жагымдуу тандоолорду жасоого шыктандырат деп ишенебиз», – деп АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Аня Ерохина айтты.

«Теребел» платформасы ар кандай форматтагы тексттик жана видео материалдарды, экологиялык кеңештерди, кызыктуу фактыларды жана тапшырмаларды сунуштайт. Бул интернет-ресурс колдонуучуларга биздин планетанын ар кандай табигый экосистемасындагы процесстерди изилдөөгө, экологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө, жаратылыштагы экологиялык бүтүндүктү жана мамилелерди түшүнүүгө жардам берет.

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Төлөгөн Аматов санариптик платформанын актуалдуулугун белгиледи, анткени ал окурмандарды көбүрөөк тартууга жана анын электрондук форматы китептерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жардам берет. Китепканачылардын азыр окурмандары менен баарлашуу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары бар.

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык балдар жана жаштар борборунун директору Бийик Рыскулов жаратылышты коргоо жана экологиялык билим берүү жаатында кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн талкуулады.Теребел бардыгы үчүн онлайн

жеткиликтүү. Материалдар мугалимдерге экологиялык билимди жайылтууда, сабактарды даярдоодо жана география, биология жана табият таануу сыяктуу мектеп предметтери боюнча интерактивдүү иш-чараларды уюштурууда пайдалуу болот. Толук маалыматты terebel.kg сайтынан алса болот.

Толук маалымат алуу үчүн Айгерим Жолчубековага 0705 222 160 телефону же taalimforum@gmail.com электрондук почтасы аркылуу кайрылсаңыз болот.