Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, СПИД боюнча республикалык борбор жана башка өнөктөштөр менен бирге СПИД менен күрөшүү күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүдө. Бул иш-чаралар коомчулуктун көңүлүн ден соолук укугуна бурууга багытталган.
Ар бир адам, анын ичинде ВИЧ менен жашагандар жана ВИЧтен жабыркагандар, ден соолукка укуктуу. Бул профилактика, камкордук жана дарылануу кызматтары, өзүнүн ден соолугу жөнүндө чечим кабыл алуу жана кодулоосуз, урмат жана татыктуу мамилеге укуктуу дегенди билдирет. USAID Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүндө «Менин ден соолугум – менин укугум» аттуу кампанияга кошулуп, укуктарды сактоо ВИЧ жана СПИД менен күрөшүүдө өзгөчө маанилүү экендиги белгилейт.
СПИД боюнча республикалык борбордун баамдоосу боюнча, Кыргыз Республикасында 8,8 миң адам ВИЧ менен жашап жүрөт жана алардын ичинен 3 миңдей адам учурда антиретровирустук терапияны алышат.
Өткөн жума ичинде USAIDдин «Флагман» долбоору Чүй облусунда жана Ош шаарында калктын аярлуу топтору менен иштеген коомдук уюмдар менен кошо иш-чараларды өткөрдү. Аларда ВИЧ менен жашагандар жана ВИЧтен жабыркагандар пикир алмашып, өзүнүн ден соолугуна болгон укугун жүзөгө ашырууда туш болгон тоскоолдуктар жөнүндө кеп кылышты.
Соңку иш-чара – өкмөт, бейөкмөт жана илимий чөйрө өкүлдөрү, жарандык активисттер жана башка каалоочулардын катышуусу менен жөө жарыш, 2017-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта өтөт. Жарыштын катышуучулары ВИЧ профилактикасы, камкордук жана дарылоо жөнүндө, өздөрүнүн ден соолугуна болгон укуктары жана аны жүзөгө ашыруу жөнүндө маалымат алышат. Андан тышкары иш-чарада ВИЧке тесттен өтүүгө жана консультация алуу мүмкүнчүлүгү болот.
АКШ Өкмөтү USAIDдин «Флагман» долбоору аркылуу ВИЧ инфекцияны аныктоого жана ВИЧ менен жашаган адамдарга өмүр бою дарылоону улантууга жардам берүү максатында бир катар коомдук уюмдар менен кызматташат. Долбоор ЮНЭЙДСдин «90-90-90» стратегиясын көздөйт.
Ал стратегиянын максаты – 2020-жылга 90% ВИЧ менен жашаган адамдарды аныктоо, аныкталгандардын 90%-н антиретровирустук терапия менен камсыздоо жана дарыланып жаткандардын 90%-да вирусту азайтып, алар ден соолукта жана ооруну жуктурбай жүрүүсүнө жетишүү.