Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги Лингва инновациялык билим берүү фонду менен биргеликте Англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагын 2022-жылдын 29-октябрында өткөрөт. Быйылкы англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” улуттук сынагына Кыргыз Республикасынын аймактарынан эң мыкты деп табылган жыйырма төрт жеңүүчүсү катышат. Сынак К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасындагы Америка Борборунда (дареги К.Тыныстанов көчөсү 242), саат 11:00дө өткөрүлөт.
2022-жылдын акыркы эки айында Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги тарабынан каржыланган сегиз Америкалык Борборунда аймактык орфографиялык “Spelling Bee” сынактары болуп өттү. Ар бир аймактан эң мыкты деп табылган үч жеңүүчү улуттук сынакка катышууга жолдомо алды. “Spelling Bee” сынагы Америкалык Борборлордо жыл сайын өткөрүлүп келет жана быйыл бешинчи ирет өткөрүлүп жатат. Англис тилинин орфографиялык “Spelling Bee” сынагы Кыргыз Республикасынын жаштарын англис тилин үйрөнүүгө шыктандырат жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга багытталат.
Улуттук “Spelling Bee” сынагынын эң мыкты үч жеңүүчүсү 2022-жылдын ноябрында Ташкент шаарында өткөрүлө турган, АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланган Борбордук Азия регионалдык орфографиялык “Spelling Bee” сынагында Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жеңүүчүлөрү менен Кыргыз Республикасынын атынан таймашышат.
Орфографиялык “Spelling Bee” сынагы АКШда 1800-жылдары Webster сөздүгүнө жаңы басылып чыккан, сөздөрдүн стандартташтырылган орфографиясын мектеп жашындагы балдарга үйрөтүү максатында башталган. Биринчи улуттук сынак 1908-жылы Кливлендде өткөрүлүп, 1925-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жатат.
Орфографиялык сынактын катышуучулары уккан сөздөрдү сөздүктө жазылгандай, туура тамгалап айтып бериши керек. Сынактын эрежеси боюнча катышуучу сөздү уккандан кийин кайталап берүүнү, аныктамасын, cөз түркүмүн, сөздун этимологиясын жана аны сүйлөмдө колдонуп мисал берүүнү сурай алат. Англис тилинде башка тилдерден кирген сөздөр көп болгондуктан, сөздөрдүн татаалдыгы да ар кандай болушу мүмкүн.
Бул сынакка катышуу акысыз жана бардык каалоочулар үчүн ачык. Кенениреек маалымат боюнча Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Пресс–кызматы менен BishkekPAS@state.gov электрондук дареги же 0312 597-000, 0770 770-299 телефондор аркылуу байланышыңыздар.
###