21-июндан 5-июль аралыгында кыргызстандык беш окуучу жана алардын машыктыруучусу Америка Кошмо Штаттарына барып, Американын маданиятына ортоктош болуп, баскетбол ойноо чеберчилигин өркүндөтүштү. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ортосундагы баскетбол программасы «Спорт меймандары» программасынын бир бөлүгү болуп эсептелет, ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин жаш лидерлердин мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга, мүмкүнчүлүгү чектелген адардарга колдоо көрсөтүү жана алардын коомдук турмушка аралашуусуна, жана адамдар ортосундагы мамилелерди өркүндөтүүгө багытталган долбооруна тийиштүү.
Бул программа, АКШ Элчилигинин Кыргыз Республикасындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат, алардын ичине Интеграция аркылуу укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ишкердүүлүк жана интеграция боюнча президент, АКШ өкүлү Сара Минкаранын февралдагы келүүсү, жана ошондой эле, америкалык параолимпиялык сноубордчу Дастин Флемингтин 2017-жылы келгени да кирет. 2018-жылкы катышуучуларды баары Access English Microscholarship программасынын катышуучулары. АКШнын Бишкектеги элчилиги колдоп келген эки жылдык Access программасы, социалдык муктаждыкка дуушар болгон кыргыз жаштарына англис тилин үйрөнүүгө жол ачат.
Бул жылы Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы баскетбол аттуу программсынын катышуучулары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга багытталган эки жылдык Access программасын аякташкан. Анын катышуучуларынын жалпы саны 60ка жетип, Бишкек жана Ош шаарларынын мектеп окуучуларын камтыйт. Окуучулардын көпчүлүгү үчүн бул сапар инклюзивдик билим алуунун биринчи тажрыйбасы болуп, аларга АКШ элчилиги уюштурган атайы транспорттоонун арты менен үйлөрүнөн чыгууга сейрек мүмкүнчүлүк берген.
Кошмо Штаттарда болгон учурунда, программаннын катышуучулары Жакарта жана Бангкоктон келген окуучулар менен биргелешип машыгуулар менен сейил сапарларына катышып Американын маданиятына ортоктош болушкан. Программанын биринчи жумасынын аралыгында, анын катышуучулары Иллинойс штатынын Чикаго шаары көрүп чыгып, ал жерде атагы чыккан белгилүү жерлерге барып, америкалык үй бүлө менен бирге тамактанып, спорттун ылайыкталган түрлөрү тууралуу адистер менен талкууларга катышып, мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштар менен иш алып барган уюмдарга баш багып келишкен.
Андан соң, окуучулар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасындагы баскетбол оюунунун ыкмалары менен таанышып, Иллинойс штатындагы Шампейнде жайгашкан Иллинойс штанынын университетиндеги Жайкы спорт лагериндеги стунденттик жашоо менен таанышып чыгышкан.
Бул программанын арты менен, мектеп окуучулары спорттук чеберчиликтерин гана өнүктүрбөстөн, Американын маданияты менен таанышып, маанилүү эл аралык байланыштарын түзүп келишкен.