Flag

An official website of the United States government

Биргелешкен билдирүү
Тарабынан
3 МИНУТ ОКУЛДУ
November 2, 2023

Кыргыз Республикасы:  Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү, Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШ Элчиликтеринин биргелешкен билдирүүсү 

 

2-ноябрь, 2023-жыл, Бишкек – Журналисттерге каршы жасалган кылмыштардын жазасыз калуусун токтотуунун эл аралык күнүндө биз дүйнө жүзүндөгү журналисттерди жана медиа кызматкерлерин бирге колдоп, алардын баа жеткис салымын белгилейбиз.

Журналисттер маалыматты жайылтууда, олуттуу маселелерге жарык чачууда жана коомчулукка байкалбай калышы мүмкүн болгон үндөрдү күчөтүүдө маанилүү ролду ойношот. Алардын чындыкка жана тактыкка болгон берилгендиги, жарандардын лидерлерди жоопкерчиликке тартуусу жана жүйөлүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн маалымат менен камсыздайт. Эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттары демократиянын бүтүндүгүн колдоп, мыйзам үстөмдүгүн жана таза башкарууну сактайт.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары жана жандуу жарандык коому анын сыймыктуу жетишкендиктеринин бир бөлүгү гана эмес, өлкөнүн гүлдөгөн келечеги үчүн зарыл кошулмасы болуп саналат. Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте, жарандык коомду коргоо жана журналисттердин негизги ишин улантуусу үчүн коопсуз жана жагымдуу чөйрөнү түзүүгө көмөктөшүүгө чын дилибизден көмөктөшүүгө даяр экенибизди билдиребиз.

###

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Башкы Ассамблеянын А/RES/68/163 резолюциясы менен 2-ноябрды “Журналисттерге каршы жасалган кылмыштардын жазасыз калуусун токтотуунун эл аралык күнү” деп жарыялаган. Резолюция журналисттерге жана медиа кызматкерлерине карата жасалган бардык кол салууларды жана зомбулуктарды айыптайт. Ал ошондой эле мүчө мамлекеттерди журналисттерге жана ЖМК кызматкерлерине карата зомбулуктун алдын алуу, жоопкерчиликти камсыз кылуу, журналисттерге жана ЖМК кызматкерлерине каршы кылмыш жасаган күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана жабырлануучулардын тийиштүү коргоо каражаттарына жетүүсүн камсыздоо үчүн колдон келгендин баарын жасоого чакырат. Андан ары ал мамлекеттерди журналисттер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүгө чакырат.