Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео

АКШ президенти Дональд Трамптын жана Америка элинин атынан Кыргыз Республикасынын элин жакшылыктарды тилеп 31-августтагы 27-чи Эгемендик күнү менен куттуктайм.

Бүгүн биз ишеним, теңдик жана бири бирибизди урматоого негизделген Кыргыз Республикасы менен болгон 27 жылдык өнөктөштүгүбүздү белгилеп, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүгө, демократиялык баалуулуктарды жана эки өлкөбүздүн элинин алака-катнашын өнүктүрүүгө багытталган иштерибизге көз салып турабыз.

Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын элинин бакубат жашоосу үчүн Кыргыз Республикасынын коопсуз, гүлдөп өскөн демократиялык мамлетке айлануусун тилеп, ушул максатты аркалап мамилелерибиздин ийгиликтүү өркүндөшүн каалайт.