31-январда Америка Кошмо Штаттары өлкөнүн коопсуздугун жана бакубат жашоосун коргоо максатында Кыргыз иммигранттарын убактылуу токтотууга алып келүүчү иммиграциялык жана «Грин-кард» (Diversity Visa) визаларын берүүгө чектөө киргизди.
АКШ Өкмөтү иммиграциялык эмес визаларды, анын ичинде, туристтик, бизнес, студенттик жана алмашуу долбоорлоруна арналган визаларды берүүнү улантат.
Визалык чектөөлөр, президенттин 9645-прокламациясында (иммиграциялык жарлык) аныкталгандай, алар чыгарган өздүгүн аныктаган документтердеги, тыкыр текшерүүдө байкалган, коопсуздук аракеттеринин жетишсиздигинен улам бир катар мамлекетке карата киргизилген.
Бул мүчүлүштүктөр электрондук жана биометрикалык паспорттору менен камсыздоонун жетишсиздигин, жоголгон жана уурдалган паспорттор тууралуу билдирбөөнү, жана терроризмге шектелгендер тууралуу маалымат менен бөлүшүү иштеринин жетишсиздигин өзүнө камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 2015-2017-жылдар аралыгында, кыргыз паспортторунун мыйзамсыз берилиши боюнча 64 кылмыштын иликтөөсү башталган. Ички иштер министрлиги билдиргендей, бир гана 2019-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы 36 паспортту мыйзамсыз чыгарган. 2019-жылдын декабрында, Мамлекеттик каттоо кызматы, Германиядагы олуттуу кылмышка аралашкан адамдар кыргыз жасалма паспортторун жасашкан деп билдирген.
Кошмо Штаттары кыргыз паспортторунун жакшы аты, жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.
Биз кыргыз бийлигин, паспортторду берүүдөгү тийиштүү көзөмөлгө багытталган жолго бет алууга, электрондук жана биометрикалык паспортторду иштеп чыгууну тездетүүгө, жана ошондой эле, Интерполду жоголгон жана уурдалган паспорттор тууралуу маалымат менен өз убагында камсыздоого чакырабыз.
Кошмо Штаттары процедуралык мүчүлүштүктөрдү жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасы менен алып барган ишин улантат.
Президенттин прокламациясы тийиштүү иртетте жүзөгө ашырылат. Прокламацияга ылайык бир дагы виза кайтарылып алынбайт. Кошмо Штаттарынын аймагында жүргөн же 31-январь күнүнө карата виза алган жарандарга жарлыктын тийешеси жок. Чектөөлөрдүн түбөлүктүү болушу шарт эмес. Ар бир иштин жагдайларына жараша маселенин оң чечилүүсү мүмкүн, жана иммиграциялык иштеринин каралуусун күтүп жаткан жарандар АКШнын Бишкектеги элчилигинин Консулдук бөлүмүнө көбүрөөк маалымат алуу үчүн ConsularBishkek@state.gov дареги аркылуу байланышуу сунушталат.
Кошмо Штаттары кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана бакубат жашоосун бекемдөө үчүн эки тараптык мамилелерибизди өркүндөтүүгө болгон аракеттерин улантаарын билдирет.