БИШКЕК – 11-мартта АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылдын адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыкка чыгарды. Бул жылы баяндама адам укуктар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын региондогу лидер катары жасалган учурдагы жетишкендиктерди, жана ошону менен бирге сөз жана чогулуш эркиндиктеринин начарларшын белгилейт.
Бул жылдын баяндамасы Кыргыз Республикасындагы бир нече адам укуктарына байланышкан маселелерди чечүүгө багытталган кадамдарды белгилейт, анын ичинде:
- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясынын ратификациясы;
- Жарандык коом менен өкмөттүн Кыргыз Республикасындагы жарансыздык маселелерин чечүү үчүн таасирдүү күч-аракеттер, анын ичинде өлкөнүн бардык мурдагы жарандыгы жок адамдарды каттоо жана жарандыкты күбөлөндүргөн документтерди берүү; жана
- Учурдагы жарандык коом жана мамлекет тарабынан мониторинг жүргүзүүчү мекемелер аркылуу кыйноого каршы күрөшүү жана түрмөлөргө бологон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу.
Бул оң жетишкендиктер менен бирге, баяндамада тынчсыздануунун жараткан тармактар да белгиленент, анын ичинде:
- Cөз эркиндигине жана чогулуштар эркиндигине олуттуу чектөөлөр, анын ичинде тынч демонстрацияларга тыюу салуу, социалдык тармактарда жазган белгилүү адамдардын камалышы жана тынч демонстрациялардын уюштуруучуларына карата коопсуздук кызматтардын табабынан жүргүзүлгөн тергөө;
- Жалпыга маалымдоо каражаттар чөйрөсүндөгү болгон жакшыртууларга карабастан, Кыргыз Республикасындагы ЖМКларга уланып жаткан коркутуулар, анын ичинде жасалма сот иштер, өкмөт тарабынан ЖМКлардын жабылышы жана журналисттерди зомбулук менен коркутуу.
Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча 2019-жылкы баяндамасынын кыргыз жана орус тилине котормолору жакында АКШ элчилигинин сайтында жеткиликтүү болот. Англис тилиндеги баяндаманы бул жерден көрсөңүздөр болот: https://www.state.gov/bureaus-offices/under-secretary-for-civilian-security-democracy-and-human-rights/bureau-of-democracy-human-rights-and-labor/
АКШнын Мамлекеттик департаментин адам укуктарынын абалы боюнча баяндамалары адам укуктарынын жана жумушчулардын укуктарынын статусун 200-гө жакын өлкөлөрдө жана аймактарда каттайт. Баяндамалар АКШнын мыйзамдары менен талап кылынат жана ар кандай мекемелер, АКШнын Конгресси, аткаруучу бийлик жана сот бутактары бул баяндамаларды көмөк көрсөтүдөн баштап башпаанек берүү маселелер боюнча чечим чыгарууда фактылык ресурс катары колдонушат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти бул баяндамаларды башка өкмөттөргө жана жарандык коомго, алар өз өлкөлөрүндөгү адам укуктар боюнча кырдаалды, жана жеке адамдардын укуктарын жана эркиндиктеринин маанилүүлүгүн чагылдыруусуна көмөк көрсөтү куралы катары даярдайт.