2018-жылдын адам укуктарынын абалы боюнча жылдык баяндамасы адам укуктар чөйрөсүндөгү оң жылыштарды баса белгилейт

Бишкек – 16 апрельде АКШнын мамлекеттик департаменти 2018-жылдын адам укуктарынын абалы боюнча баяндаманын (PDF 263KB) кыргыз (PDF 497KB) жана орус (PDF 509KB) тилдерине которуусун жарыкка чыгарды. Бул жылы баяндама адам укуктар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана жарандык коом тарабынан жасалган оң жетишкендиктерди баса белгилейт. 2018-жылдын адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасынын (PDF 263KB) кыргызча жана орусча котормолору Кыргыз Республикасынын АКШ элчиликтин вебсайтында жайгаштырылды.

Бул жылдын баяндамасы Кыргыз Республикасындагы бир нече адам укуктарына байланышкан маселелерди чечүүгө багытталган кадамдарды белгилейт, анын ичинде:

  • Президент Сооронбай Жээнбеков убагында жакшырып жаткан медиа чөйрөсү;
  • Интернетке салыштырмалуу ачык кирүү мүмкүнчүлүгү;
  • Адам кыйноону азыркы убакытта азайтууну жана адам кыйноону келечекте алдын алууну максатты көздөгөн, күчтүү адам кыйноосун байкоо жүргүзгөн мекемелерин Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан негизделиши;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан уланып жаткан академиялык эркиндикти колдоо;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан тынч чогулуш эркиндигине жана ассоциация эркиндигине көрсөтүлгөн сыйлоо;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн атаандаштык шайлоолор; жана
  • Саясый процесстерге аялдар жана азчылыктар катышуусу.

АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу: “Биз Кыргыз Республиканы акыркы беш жылдын ичиндеги эң оң адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасы менен куттуктайбыз. Кыргыз Республикасы адам укуктарды сыйлоо жана демократиялык баалуулуктарды алдыга жылдырууда жылыштарды жасап жатканда анын эл аралык өнөктөштөр туруктуу колдоо көрсөткөнгө умтулат.”

АКШнын мамлекеттик департаментин адам укуктарынын абалы боюнча баяндамалары адам укуктарынын жана жумушчулардын укуктарынын статусун 200 жакын өлкөлөрдө жана аймактарда каттайт. Баяндамалар АКШнын мыйзамдары менен талап кылынат жана ар кандай мекемелер, АКШнын конгресси, аткаруучу бутак жана сот бутуктары аларды көмөк көрсөтүдөн баштап башпаанек берүү маселелер боюнча чечим чыгарууда фактылык ресурс катары колдонушат. Мамлекеттик департамент адам укуктарынын абалы боюнча баяндаманы даярдоого ар түрдүү булактарды, кабыл алуучу өкмөттү, мамлекеттик эмес уюмдарды, эксперттерди жана массалык маалымат каражаттардын маалыматын кошо, колдонот.

Мамлекеттик департаменти бул баяндамаларды башка өкмөттөргө жана жарандык коомдун активистерге көмөк көрсөтү курал катары, алар өз өлкөлөрүндөгү адам укуктар боюнча кырдаал жөнүндө ойлонуп жатканда, даярдайт.