Криминалисттер үй-бүлөдөгү жана сексуалдык зордук-зомбулуктарды тергөө ыкмаларын үйрөнөт

2016-жылдын 9-ноябры

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эксперттик-криминалисттик борборунун кызматкерлери сексуалдык жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды тергөө ыкмаларын жана ушул кылмыштардан азап тарткандарга жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт.

Сербиядан келген эки эл аралык эксперт Кыргыз Республикасынын ИИМдин эксперттик-криминалисттик борборунун 20 кызматкери үчүн сексуалдык кылмыштарды жана үй-бүлөлүк зомбулуктарды экспертизадан өткөрүү маселелери боюнча окутуу өткөрөт. Тренинг 9-10-ноябрда, Арашан айылындагы “Кара-Булак” эко-комплексинде өтөт. ПРООН укук коргоо органдарын реформалоо боюнча региондук платформасынын алкагында жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин баңгизаттарды эл аралык жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана укук коргоо ишмердиги боюнча бөлүмүнүн колдоосу менен эки күндүк семинарды уюштурууда.

Соңку статистикалык маалыматтарга жараша, Кыргызстанда сексуалдык жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учурлар дагы эле кеңири кездешет жана тийиштүү соттук-медициналык экспертизаны талап кылат. Тренинг кылмыш болгон жерди аныктоону, аны коргоону, соттук-медициналык (криминалисттик жана техникалык) текшерүүнү, далилдерди документтештирүүнү, ошондой эле иш жүзүндөгү маалыматтарды топтоону жана иштетүүнү кошуп алганда бир катар маселелер боюнча өткөрүлөт – ушунун баары укук коргоо органдарынын мындай кылмыштарды туура тергөө жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Тренингди өткөрүү үчүн тандалып алынган криминалисттик экспертиза өткөрүүдө көп жылдык тажрыйбасы бар Сербиялык эксперттер өз билимдерин кыргыз кесиптештери менен бөлүшөт.