Kyrgyz-American Hip-Hop Fest 2015

28майдан 5июнга чейин Кыргызстандын беш шаарында –Бишкек, Талас, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Ошто «Kyrgyz-American Hip-Hop Fest 2015» жаштар фестивалы өтөт. Бул иш-чара АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана «АЛУА» инициативдүү жаштарды колдоо коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулат.

АКШдан келген коноктор мастер-класстар сериясын көрсөтөт жана азыркы бий, музыка түрлөрү жана граффити көркөм искусствосу менен алектенген жаштарга сабак өтүшөт, ошондой эле хип-хоп маданиятынын кыргызстандык өкүлдөрү менен чогуу фестиваль иш-чараларына катышышат.

«Kyrgyz-American Hip-Hop Fest 2015» фестивалы 30-майда Бишкек шаарында Эмен багындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында болот (башталышы саат 12:00). Фестиваль 1-июнда Талас шаарында, 3-июнда Жалал-Абад шаарында, 4-июнда Кызыл-Кыя шаарында, 5-июнда Ош шаарында өтөт. Бий сүйүүчүлөргө белгилүү хип-хоп бийчилер, диджейлер жана MCлер өнөрлөрүн тартуулашат, ал эми Американын жана Кыргызстандын эң мыкты граффитисттери баардык конокторуна өз иштерин көрсөтүшөт.

Хип-хоп – бул энергиянын, шайырдыктын жана жакшы маанайдын айкалышы! Бул жөн эле багыт эмес, бүтүндөй маданият өз стили, модасы, музыкасы менен, сүйүүгө, тынчтыкка, биримдикке жана көңүл ачууга  арналган. Хип-хоп маданияты миллиондогон түркүн адамдарды бириктирип, бүт дүйнө жүзү боюнча жаштардын баарлашуусу, тажрыйба алмашуусу, өнүгүшү үчүн бирдиктүү мейкиндикти түзөт.  Хип-хоп маданияты – жан дүйнөсү жакын адамдар менен биригүү, жашоо жана өнүгүү ыкмасы.

Эгерде, сиз бийге кызыксаңыз, музыкасыз жана кыймыл-аракетсиз жашоону элестете албасаңыз же сүрөт тартууну жакшы көрсөңүз, биздин иш-чарага жана Facebook, Twitter, VK, Instagram, Namba, Diesel, YouTube, Blive социалдык тармактарындагы ачык топторго кошулуңуз жана талкууга (#HipHopUSKG) катышыңыз. 

Фестивалдын жүрүшүн чагылдырууга кызыккан ММКлардын өкүлдөрү долбоордун координатору Ольга Чуракова менен бул номерлер: +996 (312) 47-47-98, (0555) 98-80-98 аркылуу байланыша алат.

Тиркеме: (1) Фестивалдын программасынын долбоору; (2) Фестивалдынафишасы(3) Сырттан келүүчү коноктор жөнүндө маалымат.