2022-жылдын 20-25-февралында Каракол Америка борбору Каракол лыжа базасында мектеп окуучулары үчүн кезектеги кышкы спорт лагерин өткөрдү. Он жылдан ашык убакыттан бери Каракол Америка борбору Ысык-Көл районунун айыл аймактарынан келген өспүрүмдөр үчүн кышкы спорт лагерин уюштуруп келет. Лагердин катышуучулары – бул билим берүү ресурстары жетишпеген айылдардан тандалып келген окуучулар. Алар бир жумалык спорт программада түрдүү билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алып, өз жамааттарында лидер болуу жөндөмдүүлүгүн үйрөнүштү. Пандемияга байланыштуу лагерди 2021-жылы өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Быйыл АКШ элчилиги 2022-жылдын 20-25-февраль аралыгында Каракол Америка борбору кышкы спорт лагерининин уюштуруу иштерине Ысык-Көл облустук китепканасына 15,000 АКШ доллар бөлүп берди.
Америка борбору бир жумалык спорт лагерине айыл жергелеринен 13-17 жаштагы жыйырма катышуучуну тандап алып, АКШ өкмөтүнүн алмашуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү, жергиликтүү кесипкөйлөр жана АКШ элчилигинин өкүлдөрү алып барган программаларды сунуштады. Лагердин катышуучулары үчүн адамдар аралык мамилелерди куруу, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү, Американын маданияты жана баалуулуктары жана Америка Кошмо Штаттарына баруу же окуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу сыяктуу темалардын алкагында иш-чаралар өткөрүлдү. Алар Америка борборунун ресурстары жана программалары тууралуу маалымат менен бирге, STEM (илим, технология, инженерия жана математика) тармагын тажрыйба жүзүндө үйрөнүштү. Ошондой эле, катышуучулар Каракол базасында лыжа жана сноуборд тепкенди үйрөнүштү.
Америка Борборлору программасы Кыргыз Республикасында 2003-жылы АКШнын Бишкектеги элчилиги менен жергиликтүү мекемелердин өнөктөштүгүнүн алкагында ачылган. Аталган борборлор Америка Кошмо Штаттары тууралуу ар тараптуу жана актуалдуу маалымат берип, америка жана кыргыз элдеринин ортосундагы өз ара мамилелерин бекемдөө максатында америкалык стилде жасалгаланган маалыматтык ресурстук борборлор. Америка борборлору англис тили боюнча сабактарды, тасма көрсөтүүлөрдү, маданий программаларды, китептердин бет ачарын жана АКШнын Фулбрайт студенттери жана англис тили боюнча адистери, АКШ өкмөтүнүн программасынын бүтүрүүчүлөрү жана Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары алып барган иш-чаралар, мастер-класстар жана ушул сыяктуу иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турат.